Сузакта аялын балка менен сабаган 49 жаштагы тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зордук-зомбулук көрсөтүүгө шектүү катары 49 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти. 

Шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИБи

Маалыматка ылайык, окуя 17-январда болгон. Көк-Арт айылынын 49 жаштагы тургуну 38 жаштагы аялын башы менен сүзүп, бөлмөдө турган балка менен желке тарабына урган. Натыйжада, жабырлануучу денесинен алган жараатынан улам Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган. 

Аталган факт боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Окуя тууралуу айылдын тургуну милицияга көрсөтмө берип, 17-январь күнү саат 22:00 чамаларында күйөөсү «баласын уруп жаткан аялына ачууланып, колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тарабына сүзүп жибергенин» айткан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсү аялына буга чейин дагы зомбулук көрсөтүп келгени, бирок аял арыз жазбай жүргөнү аныкталды. 

Учурда териштирүү иштери уланып жатат. 

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.

Ошого карабай айрым аткаминерлер үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдө сейрек кездешкен көрүнүш деп эсептейт. Мисалы, президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Ал зордук-зомбулук тун көбөйгөнү тууралуу статистиканы «кызыктар тараптардын саясаты» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Лейлекте аялына зомбулук көрсөткөн 34 жаштагы тургун кармалды

Кадамжайда өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 126 учуру катталды

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү ата-энелик укуктан ажыратылады