Сокулук: Сугатка бөлүнгөн 6 млн сомду кымырып алган айыл өкмөт кызматкерлери кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда сугат иштерине бөлүнгөн каражатты кызмат абалынан пайдалануу менен кымырып алган айыл өкмөт кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу 23-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-августунда Чүй облустук өнүктүрүү фондунун Зуура Кайназарова жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү кызматкерлери «Сугат тармагын капиталдык оңдоо» жана «Эски темир-бетон лотокторду алмаштыруу» долбоорлорун ишке ашыруу үчүн атайын тейлөөчү ишкана менен келишим түзгөн.

Алар келишимде көрсөтүлгөн жумуштар аткарылбаганына карабастан, пайда көрүү максатында келишимдин талаптарын бузуу менен тейлөөчү ишканага жасалма акт түзүп, алардын эсебине 5 млн 773 миң 810 сом которуп жиберишкен.

«Келишим түзүлгөн күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин анда көрсөтүлгөн жумуштар аткарылбай, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүүлөргө Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Сокулук РИИБге өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 22-январда 2023-жылы суунун тартыштыгынан улам өлкөдө 42 миң 567 гектар жер айдалбай калганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Сокулукта «жер мафиясын» уюштурууга шектелип 5 киши кармалды

«7 млн сом зыян». Сокулукта 13 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктештирип алгандар кармалды