11 журналистти мындан ары убактылуу кармоочу жайда кармоо кыйноо катары бааланат

Эки айга тергөө абагына киргизилет делген 11 журналистти мындан ары милициянын убактылуу кармоочу жайында кармоо кыйноо катары бааланат. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору 29-январда билдирди.

«Кыйноолорду алдын алуу борбору ИИМдин жетекчилигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайындагы 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тез арада чечүүнү сунуштайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 11 журналисттин дагы деле убактылуу жайда экенин аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирген. Ал бул жагдайдын мыйзамдуулугун карап чыгууну өтүнүп шаардык прокуратурасына кайрылган.

Жапырт кармалган 11 журналист

16-январь күнү таң эрте милиция кызматкерлери Temirov Live командасынын азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин үйүн тинтүүгө алып, алар күбө катары сурак берерин айтып күчтөп тергөө бөлүмүнө жеткиришкен. Эртеси Биринчи май райондук соту алардын баарын эки айга ТИЗО-1ге киргизген:

  • Махабат Тажибек кызы;
  • Сапар Акунбеков;
  • Азамат Ишенбеков;
  • Сайпидин Султаналиев;
  • Актилек Капаров;
  • Тыныстан Асыпбеков;
  • Максат Тажибек уулу;
  • Жоодар Бузумов;
  • Жумабек Турдалиев;
  • Айке Бейшекеева;
  • Акыл Орозбеков.

ИИМ алар «Массалык башаламандыкка чакыруу» фактысы боюнча козголгон ишке шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айып Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган үч материал боюнча лингвистикалык экспертизанын негизинде коюлган.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров ИИМдин журналисттер жарыялаган материалдарда «массалык башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар» деген билдирүүсүн четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Камалган 11 журналисттин жакындары «Парк отелде» макулдашылган маалымат жыйынды эшикте өткөрдү