Бишкекте УКМКга караштуу 220 орундуу бала бакча ачылды

Бишкек шаарында УКМКга караштуу №7 «Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу 30-январда атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 220 орундуу бала бакчада бардык шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган. 

Атайын кызматтан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланганын белгилешти.

Бул улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн курулган биринчи имарат эмес.

Былтыр июль айында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда УКМКга караштуу «Ак илбирс» балдардын ден соолугун чыңдоочу жана эс алуу борбору ишке кирген. Борбордун 120 кишилик жатаканасы, китепканасы, 100 орундук кинотеатры, машыгуу залы, кичи футбол аянтчасы, спорт аянтчалары, эки бассейни жана ашканасы бар.

Мындан сырткары өткөн жылы 29-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө УКМКга караштуу «Айкөл» балдардын ден соолугун чыңдоочу борбордун ачылышына катышкан. Борбор 240 балага ылайыкталган.

Ал эми 2022-жылы сентябрдын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан. Бирок андан бери бийлик УКМК менен Чек ара кызматы үчүн башка дагы бир катар объектилерди ачкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров менен Ташиев Жалал-Абадда УКМКга караштуу балдар лагерин ачышты

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн ден соолук чыңдоо борбору ачылды