Бишкек: Аялдын ден соолугуна залал келтирүүгө шектелген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарында бирге жашаган аялга зомбулук кылууга шектелип издөөгө алынган тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга өткөн жылдын 21-ноябрында кайрылган. Ал шектүү борбор калаанын №5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда анын денесине эч себепсиз залал келтирип, качып кеткенин айтып берген.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын «ден соолугуна бир аз зыян келтирилгени» аныкталган. Милиция «Бейбаштык» беренеси менен иш козгогон.

Бул ишке шектүү катары 32 жаштагы тургун кармалып, тергөө учурунда ал кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү атары ИИМдин каттоосунда турары белгилүү болду. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аялдарга карата зомбулук

Өткөн жылы өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 8340 кылмыш иши козголгон — бул 2022-жылга караганда 3159 ишке көп. Кыргызстанда кыздар көчөдө, окууда же жумуш учурунда сексуалдык ыдыкка кабылышат.

Статистикага ылайык, өлкөдө кыздардын 83%ы өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Көп учурда жабырлануучулар милицияга кайрылышпайт, анткени коомдун тепкисинде калуудан чочушат.

Зөөкүрдү мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кызыкдар тараптардын саясаты». Орунбеков аялдарга карата зомбулукту талкуулагандарды сындады