«Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекетке 13,8 млн сом зыян келтиргени аныкталды

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы мамлекетке тийиштүү өндүрүштүк имараттар жайгашкан 428,8 чарчы метр жер аянты мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталды. Бул боюнча 6-февралда Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, 1997-жылы аталган жер аянты «И-м Т-ко» фирмасына 40 жылга ижарага берилип, 2002-жылы “F-M” ишканасына менчикке сатылып кеткен.

«2021-жылы “Кадастр" ишканасынын Бишкектеги кызматкерлери “И-м Т-ко” жана “F-M” фирмаларынын ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз каттоодон өткөрүп, мамлекеттик мүлк “F-M” ишканасына менчикке берилип кеткен», — деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратура мыйзамсыз иштердин натыйжасында мамлекетке 13 млн 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилгенин аныктады. 2002-жылдагы келшимди жараксыз деп табуу боюнча шаардык сотко доо арыз берилди.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы 1995-жылы түзүлгөн. Аймакка бир катар жеңилдиктер берилип, 346 гектар аянтты ээлейт. Учурда экономикалык аймакта 313 субъект катталса, анын 58и биргелешкен ишкананы түзөт.

Экономикалык аймакта мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуу, аймактын акчасын ыксыз пайдалануу өңдүү коррупциялык схемалар аныкталган.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек ЭЭА: Алтынды бөлүп алуучу «көмүскө фирма» 2019-жылга чейин иштеген

УКМК: «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компания 53 млн сомдук салык төлөгөн эмес