Нарын: Курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган «Болот» базарынын ээси кармалды

Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан «Болот» соода-базар борборунун ээси курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы аныкталгандан кийин кармалды. Бул тууралуу 6-февралда УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2-февралда «Алдамчылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында базар ээсинин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, «МП-155» үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, «Калашников» автоматынан ок-дарылары жана ошондой  эле базарга тиешелүү документтер табылган. 

Андан тышкары, базар ээсинин наамына берилген милиция кызматкеринин 2 күбөлүгү жана айылдык кеңештин депутатынын күбөлүгү, ИИМде катталган 2006-жылкы Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да табылган. 

Үстүбүздөгү жылдын январь айында соода түйүндөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө карата иш-чаралардын жүрүшүндө УКМК базардын администрациясы тарабынан алдамчылык фактыларын аныктаган. 

Атайын кызматтан базар ээси эч кандай келишим, укуктук документтерди түзбөстөн ишкерлерге соода жайларынан аянты болжол менен 7,5 чарчы метрди түзгөн 40 тонналык контейнердин төрттөн бир бөлүгүн 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергенин билдиришти. Андан тышкары, шектүү соода жайларын сатып алган ишкерлерден ижара акысын мыйзамсыз өндүрүп турган. 

Контейнерлер кандайдыр бир себептер менен бош туруп калган учурда да ишкерлерден ижара акысын алууну уланткан. Ал эми ижара акысын бербегендерден контейнерлерди тартып алып, өз билемдик менен кайра сатып же башкаларга ижарага берген. 

«Ишкерлер базар жетекчилигине сатып алуу-сатуу келишимин түзүү же инвестицияланган каражатты кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган учурда, базар ээси коркутуу жана агрессивдүү реакция менен жооп кайтарып турган. Соода борборунда ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес. Айрым оңдоп-түзөө иштери ишкерлердин каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Буга чейин, 26-январда Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан «Жээнбеков» базарынын директору кызмат абалынан пайдаланууга шектелип кармалган. Ал «контейнерди бузуп салам» деп коркутуп, ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылып турган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан кичи базардын жетекчиси кармалды

УКМК «Берекет» базарынын жетекчилерин «ири өлчөмдө алдамчылыкка» шектеп кармады