Жалал-Абад: 34 жаштагы жүргүнчү аялды зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда 34 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу 26-февралда «Клоопко» облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 23-февралда болжол менен саат 01:30 чамасында аялды үйүнө жеткирүү үчүн унаасына салып, ал унаадан түшөрдө зордуктоого аракет кылган. Аял унаадан түшкөндөн кийин айдоочу аны эки ирет унаа менен сүзгөн.

Аял денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин айдоочуга карата арыз жазган. Арыздын негизинде шектүү катары Subaru үлгүсүндөгү унаанын ээси кармалды. 

Учурда унаа айып короосуна токтотулду жана айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары башталды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Караоке клубдун администраторун зордуктоого аракет кылган 20 жаштагы тургун кармалды

Жалал-Абад: 31 жаштагы тургун 14 жашар кызды мейманканада зордуктоого шектелүүдө