Баткен: Окуучу кызды зордуктоого айыпталган тургун 20 жылга кесилди

Баткен районунда окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалган тургун 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Клоопко» 27-февралда Баткен райондук сотунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, айыпталуучу райондук соттун 16-февралдагы өкүмү менен «Зордуктоо», «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелеринин негизинде кесилди. 

Окуучу кызды зордуктаган 31 жаштагы тургун өткөн жылдын декабрь айында  кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 1832 иш козголгон.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүлүктүдө 14 жашар кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы тургун кармалды

Бишкек: Көчөдө 15 жаштагы кызды зордуктоо аракет кылган 42 жаштагы шектүү кармалды