Жапырт кармалган 11 журналисттин иши: Сегизи абакта калып, үчөө үч камагына чыкты

Temirov Live’дын жапырт кармалган азыркы жана мурдагы 11 кызматкери.

12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунун жапырт кармалган 11 мурдагы жана азыркы кызматкеринин баш коргоо чарасын карады.

Соттун өкүмүнө ылайык, сегиз журналист дагы эки айга абакта калтырылды:

  • Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы;
  • «Арча Медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев;
  • «Алга Медианын» негиздөөчүсү Актилек Капаров;
  • «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбеков;
  • Temirov Live’дын кызматкери Айке Бейшекеева жана Азамат Ишенбеков;
  • Долбоордун мурдагы кызматкери Жоодар Бузумов жана Temirov Live’дын мурдагы оператору Максат Тажибек уулу.

Алар ТИЗО-1де 13-майга чейин камакта болот.

Сот журналист Сапарбек Акынбеков менен оператор Акыл Орозбековду үй камагына чыгарса, Temirov Live’дын мурдагы долбоор менеджери Жумабек Турдалиевди эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотту.

Жапырт кармалган 11 журналист

Кыргызстанда журналисттерди жапырт камакка алуу 16-январда башталган. Temirov Live’дын жалпы 11 журналисти эки айга камалган. Тогуз кишиге «Массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси менен иш козголуп, долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековго «Башаламандык уюштурууга аракет кылуу» беренеси менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, айып Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган үч материал боюнча лингвистикалык экспертизанын негизинде коюлган. 

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров ИИМдин журналисттер жарыялаган материалдарда «массалык башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар» деген билдирүүсүн четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Он бир журналист темир тор артында: Кыргызстан репрессиянын жаңы дооруна бет алды