Эмдөө COVID-19дан коргонуунун негизги ыкмасы — Саламаттык сактоо министринин орун басары

Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 20-апрелде брифинг учурунда кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмделүүгө чакырды. Анын айтымында, «бул коронавирустан коргонуунун негизги ыкмасы».

Видео: ЭлТР. 

«Эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топторго кызыл зонада, инфекциялык бөлүмдөрдө иштеген медиктер менен жаш курагы 65тен улуу адамдар, мамлекеттик кызматкерлер жана күч органдарынын кызматкерлери кирет. Алардын баарын эмдөөнү калтырбай өтүүгө чакырам», — деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, 20-апрелге карата Кыргызстанда 10 830 киши коронавируска каршы эмделген.

Уу коргошун

Президент Садыр Жапаров 16-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Медициналык изилдөөлөрдө «аконит — өтө уулуу өсүмдүк, аны салттуу медицинада колдонууга жол берилбейт, ал түгүл териге сыйпап койгондо да ал өмүргө өтө кооптуу».

Мындан кийин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошундун коопсуз экенин далилдөөгө аракет кылып, анын кайнатмасын ичип алып, аны коронавирусту дарылоо протоколуна кошууну убада кылган.

«Ысык-Көл тамырынын дозасын аныктаган жападан-жалгыз адам учурда — бул президент. Мен да карап аныктай албайм, ошондуктан ар бир тамырдын жакшы жана ман жактары бар», — деп, ал басма сөз жыйында айткан. Кийинчерээк кайнатма бейтаптарга аларга айтпастан, какырыкты чыгарат деп берилгени аныкталган.

Мындан тышкары, Бейшеналиев Ысык-Көл тамырынын кайнатмасы коронавирус менен ооругандардан тышкары 4-даражадагы (айыккыс) онкологиялык оорулууларга да берилип жатканын билдирген.

Андан соң медиктер, юристтер жана активисттер Жогорку Кеңешке жана укук коргоо органдарына бейтаптарды сыноодон өткөргөндү токтотуп, саламаттык сактоо министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып кайрылышкан.

Ал эми 19-апрелде парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кетирип, анын ордуна компетенттүү кишини дайындоону сунушталган.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүргөн — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес.

Дагы окуңуз:

Уу коргошундун кайнатмасы 4-даражадагы онкологиялык оорулууларга да берилүүдө — Бейшеналиев

Бейшеналиев: COVID-19 менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоо улантылат