Иса Өмүркулов КСДПнын фракция лидерлигин Өмүрбек Бакировго тапшырды

Иса Өмүркулов / Өмүрбек Бакиров

Депутат Иса Өмүркулов узак убакытка дарылануу үчүн чет өлкөгө кеткенине байланыштуу КСДП фракциясынын лидерлигин депутат Өмүрбек Бакировго убактылуу тапшырды. Өмүркулов бул тууралуу жазылган катты Жогорку Кеңештин депутаттарына жолдоду.

Ошондой эле Өмүркулов парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидерлигин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловго убактылуу өткөрүп берди.

Депутат Асел Кодуранова КСДП фракциясынын лидерлиги Өмүрбек Бакировго өткөнүн «мыйзамсыз» деп атады. Анын айтымында, фракциянын убактылуу лидерин КСДПнын депутаттары шайлашы керек болчу.

«Фракция лидерлигинен кетсе орун басарына өтүш керек болчу. Орун басары Төрөбай Зулпукаров, ал камакта. Ошондуктан фракциянын депутаттарын чогултуп, анан лидерди же убактылуу лидерди шайлашыбыз керек болчу. Эч кимге айтпай-дебей Өмүрбек Бакировго таштап кетиптир. Бакировго каршылыгым жок, бирок бул мыйзамсыз чечим болду», — деди Кодуранова «Азаттыкка» курган маегинде.

Өмүркулов Жогорку Кеңештин дээрлик бардык чакырылыштарда депутат болгон. Акыркы жолу ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан социал-демократтар партиясынан шайланып, 2016-жылы фракциянын лидери болгон. Бирок ал 2018-жылдын аягында «партиянын уставы менен идеяларына каршы келген аракеттер» үчүн КСДПнын тизмесинен чыгарылган.

Өмүркулов Атамбаев жана ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун тирешинин шартында КСДПнын мүчөлүгүнөн ажыраган. Мындан сырткары Өмүркулов өзү 2020-жылдын июль айында КСДПдан чыгуу тууралуу арызын жазган. Анткен менен Өмүркулов КСДП фракциясынын лидери боюнча калган.

*Ошол эле жылы Өмүркулов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясы лидерин жана анын орун басарын алмаштырган. Фракциянын мүчөлөрү Сайдулла Нышановду башчы, ал эми жаңыдан мандат алып депутат болгон Шайлообек Атазовду анын орун басары кылып шайлаган.

Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын лидерлиги Нурбек Алимбековдон Бейшеналы Нурдиновго өткөн.