Адвокат: Молдокматовго дагы төрт кылмыш иши козголду

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун адвокаты саясатчыга дагы төрт кылмыш иши козголгонун «Азаттыкка» билдирди.

Кантемир Турдалиевдин айтымында, учурда Молдокматов 6 берене боюнча кылмыш жасоого шектелүүдө.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Молдокматовдун жүрөгүнө операция жасалганын жана «Бикард» жеке клиникасында күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда экенин кабарлаган. Кантемир Турдалиев саясатчынын жүрөгү ачкачылык жарыялагандан кийин ооруп калганын билдирген.

Молдокматовдун кармалышы

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 6-майда кармаган. Ал «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаеди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Турдалиев анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-майда Молдокматовду эки айга камакка алган. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин №1 тергөө изоляторунда калтырган.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.