Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды

Венера Рыскулова. Сүрөт: Ош мэриясынын фуйсбук баракчасынан алынды

Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 21-сентябрда кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катысы Замира Ниязбекова маалымдады.

Ниязбекова аталган кызматты буга чейин аркалаган Эмил Шадыханов башка кызматка которулганын билдирди. Анын айтымында, Шадыханов Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Бирок азырынча ТИМдин жана Министрлер кабинетинин сайтында бул тууралуу маалымат жарыялана элек.

Венера Рыскулова деген ким?

Венера Рыскулова — 40 жашта. Ал Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Рыскулова вице-мэр болгонго чейин Министрлер кабинетинин билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө эксперт болуп иштеген.

Ошондой эле, 2004-жылы «Фондрегистр» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалында директордун орун басары, 2014-жылы Улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунда башкы адис, андан соң ошол эле бөлүмдүн жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

2016-жылы өкмөт аппаратынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча топтун башкы адиси, 2018-жылы ошол эле аппараттын чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүндө, бир жылдан кийин көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмүндө, андан кийин аппараттын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары секторунда референт болуп иштеп келген.

Алмаз Мамбетов бир ай мурда ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын куруп жатып, кадрлык маселелерде репутация, тажрыйба жана кесипкөйлүк эске алынаарын билдирген. Ал мэрияда аял кызматкерлер аз болгонуна «таң калганын» айтып, социалдык маселелер боюнча вице-мэр аял болушу керек деп белгилеген.