Сеидбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Сеидбек Атамбаев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу Сеидбек (Сейитбек) Атамбаев Чүй облусунун №25 Аламүдүн райондук округунан парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. Анын талапкерлигин «Социал-демократтар» партиясы көрсөттү.

Сеидбек Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы биротоло ыдырап кеткенден кийин «Социал-демократтар» партиясын жетектей баштаган.

Ал эми өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Атамбаев партияны баштап барган. «Социал-демократтар» шайлоочулардын 2,14% добушун алган.

Июль айында өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоодо «Социал-демократтар» Бишкек шаардык кеңешинде беш мандатка ээ болгон. Анда Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев да мандат алган.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуудагы «Коррупцияга» шектелип, 2019-жылы кармалган — атайын кызмат 7-8-августтарда анын үйү штурмга алынган. Бул иш боюнча өкүм 2020-жылы чыгып, мурдагы өлкө башчы 11 жылга эркинен ажыратылган. Бирок бийлик алмашкан соң Жогорку сот ишти кайра кароого жиберген. Учурда Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү колониясында кармалууда.

Ошондой эле, Атамбаев «Мыйзамсыз баюуга», «Кой-Таш окуялары» боюнча «Бийликти күч менен басып алууга», «Массалык баш аламандыкты уюштурууга», «Адамдарды барымтага алууга», «Адам өлтүрүүгө», «Адам өмүрүнө кол салууга», «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулукка», «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого», Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу «Коррупцияга» жана ондогон түрк жаранына «мыйзамсыз» кыргыз паспортторун берүүгө шектелүүдө — иш сотко өттү.

Мындан сырткары, Атамбаевге 2020-жылдагы октябрь окуяларында «Массалык башаламандыктар» боюнча айып тагылган.

12-октябрга карата шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандардын саны 228ге жетти. Эртең, 13-октябрда, арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктайт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.