«Кыргызда чакырган жерден калбайт». Ташиев Матраимов менен бирге болгон той тууралуу

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутат Дастан Бекешев

13-октябрдагы парламент жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Дастан Бекешев кайым айтыша кетти.

Экөөнүн ортосундагы талаш Бекешевдин жаңы өкмөт өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган жаштарга жакшы жагынан үлгү көрсөтүшү керек деген өтүнүчүнөн кийин башталды.

Мисал катары Бекешев жакында эле коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Ташиев Оштун экс-мэринин уулунун үйлөнүү тоюнда бирге жүргөнүн айтты.

«Ушундай үлгү көрсөтүп жатсаңар эмне кылалы? Жаштарга жакшы жагынан үлгү болсоңор болмок»,— деди Бекешев.

УКМК төрагасы болсо, Матраимов менен тойго барганы кимдир бирөө менен дос экенин билдирбейт деген ойдо.

«Эгерде сиз мыйзам бузсаңыз [Бекешевге кайрылып] сизди дагы жазалайбыз. Кыргызда чакырган жерден [тойдон] калбайт. Мен ал тойго барсам, демек алар менен достошуп алдым деген кеп эмес. Андай болбойт. Сындаганды дагы билиш керек», — деди Ташиев.

Ал Бекешев «качан болсо туура эмес сын айтып» келгенин кошумчалап, андан көрө өкмөткө «өлкөнү өнүктүрүү» боюнча кеңеш бериңиз деген сунуш айтты.

Бекешев болсо Ташиевге каршы чыкпаганын айтып жооп берди. Депутаттын айтымында, айрым тойлорго барбай деле койсо болот.

«Бир жылдан бери биринчи жолу тойго бардым. Анда деле Райымбек Матраимов менен бир дасторкондо отурган жокмун. Отурсам деле ал жаман иш деп ойлобойм. Ал айрымдарга салыштырмалуу, 2 млрд сом төлөп берди. Эгерде дагы мыйзам бузулса — дагы төлөйт. Аны эч ким калкалабайт», — деп жооп берди Ташиев.

Ошондой эле, УКМК төрагасынын айтымында, Бекешев шайлоо алдында сын айтып упай топтоп жатат.

Ташиев УКМКда иштеген бир жыл ичинде эле өлкө бюджетине 7,5 млрд сом топтогонун кошумчалады.

Ал тургай, анын айтымында, өткөн 10 жыл аралыгында УКМК казынага 5,9 млрд сом гана кайтарган.

«Коррупцияга аралашкандардын баарын жоопко тарттык. Ал кезде сиз [Дастан Бекешев] аларга шыбырап да бир сөз айта алган эмессиз». — деп билдирди Ташиев.

Ташиев менен Матраимов тойдо

Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашовдун уулунун тою 9-октябрда Бишкекте өттү. Маалыматты «Клоопко» Сарыбашовдун мурдагы кеңешчиси Азамат Абсаттаров тастыктаган.

Оштогу жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Нурсултан Шакир уулу Инстаграм баракчасындагы сторисине тойдон видео жүктөгөн. Андан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин куттуктоосунан үзүндү көрүүгө болот.

Ташиев менен кошо сахнада коррупционер Райымбек Матраимов, экс-спикер Ахматбек Келдибеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, депутат Улан Примов жана депутат Азамат Арапбаев да турган.

Матраимов менен Ташиев УКМКнын кызматкерлери экс-бажычыны Бажы кызматында иштеп турган кезиндеги коррупцияга шектеп кармагандан кийин бир жылдан соң тойдо бирге болушту.

Кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов өлкө бюджетине мүлк жана батирлерин кошуп 2 млрд сом төгүп бергенин билдирген. 2021-жылдын февралында Матраимов Биринчи май райондук соттун жыйыны учурунда коррупция боюнча тагылган айыпты мойнуна алган. Сот аны 260 миң сом айыпка жыккан.