«Башкы прокурор ким болуп калыптыр?». Бейшеналиев көзөмөл органынын эскертүүсүн сындады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 25-мартта Башкы прокуратуранын эскертүүсүнө жооп берди. Көзөмөл органы анын Таластын калкы жана Алмазбек Исманкуловдун дарегине айткан сөздөрүнө байланыштуу Бейшеналиевге эскертүү берген.

Бейшеналиев Башкы прокуратуранын чечимин «адилетсиз» деп эсептейт.

«Мен бардык таластыктар жөнүндө эмес [Сабырбек] Жумабеков тууралуу айткам. Ал таластык болгондон кийин башка кантип айтышым керек эле. Чикаголук деппи? Алар баары өздөрүн жарнамалагысы келип жатат. Чечим тууралуу мага кечээ эле айтышкан, бирок мен аны окуган да жокмун. Бакшы прокурор деген ким болуп калыптыр? Кечээ өзүнө да ушинтип эле айттым. Мен бир гана элге баш ием», — деген министр «Кактус» басылмасына берген маегинде.

Бейшеналиевдин пикиринде, аны кызматтан кетирүүнү бийликтеги адамдар каалап жатышат.

«Мага минкабдан сөгүш берилген — демек мен аларга тоскоолдук кылып жатам. Сыягы, алар мени кызматтан кетирүүнү каалап жатышат. Мен [реформаны] тезирээк аягына чыгарууга шашылам, анткени мени же депутаттар же Башк прокуратура кызматтан кетириши мүмкүн», — деди ал.

Министрдин сынга кабылган билдирүүлөрү

Акыркы бир нече айда Алымкадыр Бейшеналиев ар түрдүү медициналык мекемелердин жетекчилери менен каршылашууга үлгүрдү.

Таластыктар тууралуу министр Бишкек Травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков менен каршылашып турган шартта айткан. Илимий-изилдөө борборунун эмге жааматынын алдында сүйлөп жатып, Сабырбек Жумабековдун ордуна жаңы жетекчи дайындоо керектигин, бирок ал «Таластан болбошу керек» деген.

Бул коомчулукту дүрбөтүп, министрди трайбализмде айыпташкан. Андан кийин Саламаттык сактоо министрлигинин алдында министрдин отставкасын талап кылган 500 адам митингге чыккан. Чогулгандар Бейшеналиевди таластыктар тууралуу сөзү үчүн кечирим суроону талап кылышкан.

Медкызматкерлердин 5-февралдагы митинги. Сүрөт: Кайрат Замирбеков / «Клооп»

Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев Башкы прокуратура Бейшеналиевдин таластыктар тууралуу сөзү үчүн жоопкерчилигин кароого даяр экенин, бирок ал үчүн министрдин үстүнөн арыз түшүшү керектигин айткан. Эртеси күнү «НурТВнын» журналисти Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Арызда журналист министрдин сөзүнө укуктук баа берүүнү суранган.

10-мартта министр Бейшеналиев Алмазбек Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган. Бишкек мэриясы №2 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузган.

Бейшеналиев клиникага келген учурда Исманкуловдун өзү менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Министр телефондон Исманкуловду «далдыр» деп атап, эгер имаратты бошотпосо «бирди көрөрүн» айткан.

«Жоголуп кетчи! Сенин барчу жериңди айтат элем, бул жакта кыздар турушат. Эгер үч сааттан кийин, мен келгенде кызматкерлериң дагы деле ушул жерде болсо, мага таарынба!» — деп коркуткан министр Исманкуловду.

Кийинчерээк Бейшеналиев Эрнст Акрамовго анын Чүй облустук ооруканасы жабыларын айткан.

«Ал далдыр. Мен аны менен чогу иштегем. Кыргыздарды жек көрөт! Кыргыздарга ушундай мамиле кылган», — деп айткан Бейшеналиев.

Анын сөздөрүнө парламентте да көңүл бурушкан. Депутат Дастан Бекешев саламаттык сактоо министринин аракеттерине президент реакция кылышы керек деп айткан.

Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандары боюнча азырынча бир дагы комментарий бере элек.