«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Түркиянын Даламан жана Анталия шаарларынан «Ош» эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалып жатаканын билдирди.
Маалыматка ылайык, авиакаттамдарды «Пегасус» компаниясы ишке ашырат.
Анталия — Ош — Анталия багыты боюнча каттамды 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөргө аткаруу пландалууда. Ал эми Даламан — Ош — Даламан багыты боюнча каттам 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөргө пландалууда.
Өткөн жылдын октябрында 2012-жылдан бери токтоп турган Ош — Стамбул авиакаттамы жанданган. Үстүбүздөгү жылдын февралында беш өлкө, анын ичинте Түркия Кыргызстанга туруктуу аба каттамдарын көбөйткөн. Ага ылайык төмөнкү багыттар боюнча авиакаттамдардын саны өскөн:
- Turkish Airlines: Стамбул — Бишкек — Стамбул — жумасына 12 жолу;
- Pegasus: Стамбул — Бишкек — Стамбул — жумасына 14 жолу;
- Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 3 жолу.
Буга чейин, 21-февралда алгачкы жолу Оштон Бириккен Араб Эмираттарына түз аба каттамы ачылган. Анда Ош эл аралык аэропортуна эмирликтин Шарджа шаарынан алгачкы учак келип конгон. Каттамдар жумасына үч жолу аткарылары белгилүү болгон.