Кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу мыйзамсыз баңгизат алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

УКМКнын басма сөз кызматы Жалал-Абал облусунун Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу баңгизат алып өтүүгө аракет кылгандардын ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 17-апрелде Ала-Бука чек ара отрядынын аскерлери Аксы районундагы Турбаза аймагында Өзбекстандын чек арасына жакын жерде эки киши жүргөнүн байкашкан. Шектүүлөр чек ара кызматкерлерин көргөндө Өзбекстандын аймагына кире качып, жашырынып калган.

Тинтүү учурунда полиэтилен баштыкка оролгон эки таңгак салынган куту табылган. Таңгактардын ичинде баңгизат — 1 килограммга жакын афган гашиши болгон.

Мекемеден тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн табылган зат компетенттүү органдарга өткөрүлгөнүн кошумчалашты.

Буга чейин кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң — Автодорожный» өткөрмө пунктунда Казакстан аркылуу Орусияга 24 кг баңгизат алып чыгууну көздөгөн киши кармалган. Ал эми Баткен ОИИБи шектүү Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну экенин кабарлаган.Баткендин милициясы «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Тема боюнча:

Кыргыз-казак чек арасында 24 кг баңгизат ташыган киши кармалды

УКМК: Бишкекте баңгизат саткан Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери кармалды