19-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында алтын казган «Эти Бакыр Терексай», «Вертекс Голд Компани», «Чаарат Голд» жана «Кичи Чаарат» компанияларынын жетекчилери жергиликтүү эл менен жолукту.
Жолугушуу Терек-Сай аймагындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, жыйынга компаниянын жетекчилери, айыл башчылар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Аксакалдар соту жана тургундар катышты.
Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев «Клоопко» жолугушуу компаниялар менен эл арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди алдын алуу максатында уюштурулганын билдирди.
«Бүгүнкү жыйын тоо-кен компаниялары менен элдин ортосундагы келишпестиктердин алдын алуу максатында уюштурулуп, көп маселелер талкууланды. Тургундар суроолоруна жооп алышты. Мындан сыркары, ишканалар жасаган иштери, алдыдагы пландары тууралуу тургундарга маалымат беришти», — деди ал.
Сеңирбаев жыйында жумуш орундары боюнча жана кызматкерлердин айлыктары тууралуу да маселелер каралганын белгиледи. Анын айтымында, кен казгандар менен экологиялык талаптарды сактоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жыйында жергиликтүү тургундар шыбы ураган мектеп боюнча маселени көтөрүп, буга «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын жардыруу иштери себеп болушу мүмкүн экенин да айтышкан.
Шыбы урап түшкөн мектеп
17-май күнү саат 12:30 чамасында Терек-Сай айылындагы №18 Амирабек Чымканаев мектебинин шыбы урап түшкөн эле. Окуя болгон маалда окуучулар менен мугалим сыртта болушкан, бирок кырсыкка күбө болгон 16 окуучуна жана бир мугалимди «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын унаасы менен «шок» абалда ооруканага жеткирилишкен. Ошол эле күнү окуучулар медициналык текшерүүдөн өтүп, ата-энелер үйлөрүнө алып кеткен. Ал эми мугалимдин кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткырылган.
Бул маселени 18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев дагы көтөргөн. Ал мектептин шыбы ураган күнү «Эти Бакыр Терексай» компаниясы айылдын үстүндө жардыруу уюштурганын айтып, анын ишин текшерүүнү талап кылган.
Бирок «Эти Бакыр Терексай» ЖЧСынын маалымат кызматы мектептин шыбыгын урап түшүшүнө алардын тиешеси жоктугун билдиришкен.
Компаниянын маалыматына ылайык, жардыруу иштери мектептин шыбы урап түшкөндөн кийин, саат 12:50дө жүргүзүлгөн.
Ошол эле учурда «Эти Бакыр Терексайдан» мектептеги окуя тууралуу кабардар болушканын жана аталган күнү ишкананын дарыгерлерин жиберип, балдарга медициналык жардам көрсөтүшкөнүн белгилешкен. Андан сырткары, жабырлануучуларды компаниянын амбулатордук унаасы менен ооруканага жеткиришкенин да кошумчалашкан.
«Эти Бакыр Терексай» компаниясы
Чаткал районунда алтын өндүрүү боюнча лицензияларга ондогон компаниялар ээлик кылат. Алардын бири түркиялык «Эти Бакыр Терексай» компаниясы. Ишкана 2015-жылы Терек-Сайдагы кенди иштетүү боюнча конкурска катышып, кенди 20 млн долларга сатып алган. Учурда «Эти Бакыр Терексай» ишканасында «Кыргызалтындын» 25 пайыз акциясы бар.
Аталган компания жардыруу иштерин уюштуруп, алтын өндүрүп алат. Ишканын ишмердүүлүгүнө Терек-Сай айылынын тургундары жыл сайын нааразы болуп келишет. Акыркы жолу өткөн жылдын декабрь айында аталган компаниянын жумушчулары жана жергиликтүү тургундар ишканага нааразы болуп жол тосушкан.
Алар компания экологияны сактоо боюнча талаптарды аткарбай жатканын айтышып, президент Садыр Жапаровдун аймакка келишин талап кылышкан.
Ал эми өткөн жылдын сентябрь айында тургундар жөө жүрүшкө чыгышкан. Алар алтын казган компания экологияга «чоң зыян» келтирип жатканын айтып, тургундарга компенсация төлөп берүүнү талап кылышкан болчу.
«Вертекс Голд Компани» ишканасы
«Вертекс Голд» ЖЧКсы 2011-жылдан бери Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетип келет. Аталган кенде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган. Аталган компанияда учурда 800 адам иштейт, аларын арасында райондун тургундары дагы бар.
Тургундар бул компаниянын да ишмердүүлүгүнө нааразы болуп келишет. Акыркы жолу 2021-жылдын октябрь айында 100дөн ашуун тургун компанияга жана бийликке нааразы болуп, бир нече талаптары менен митингге чыккан.
Жергиликтүүлөр аталган компаниянын калдык сактоочу дамбасы булактын үстүнө курулуп жатканын айтышып, аны башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан. Бул маселе боюнча бир нече жолу нааразычылык акциялары өткөрүлгөн.
2021-жылы алтын казган «Вертекс Голд» компаниясынын үстүнөн дагы депутаттык комиссия түзүлгөн. Ишканын ишмердүүлүгүн текшерген парламенттик комиссиянын төрагасы Тариэл Жоробеков 2021-жылдын июнь айында жыйынтыктоочу отчёттун берген. Анда Жоробеков компаниянын калдык сактоочу жайы кооптуу жайда жайгашканын билдирип, алтын рудалары чет өлкөгө чыгарылганына көңүл бурган.
Ошондой эле, депутат компаниянын калдык сактоочу жайы элге кооптуу экенин айтып, кемчиликтерин иликтөө үчүн тийиштүү органдарга сунуштама жиберилгенин кошумчалаган.
«Чаарат Голд» компаниясы
Ал эми Чаарат алтын кенин казган «Чаарат Заав» ишканасы 2002-жылы түзүлүп, ишкананын акцияларынын 100% британиялык Chaarat Gold холдинги ээлик кылат.
Аталган компанияга «Кадастр» ишканасы алтын өндүрүш үчүн 726 гектар жерди убактылуу пайдаланууга берген. Бирок компания айыл чарба багытындагы жердин жоготууга учураганы үчүн алдын ала төлөм жүргүзгөн эмес.
Мындан улам, 2021-жылдын май айында Башкы прокуратура компания экологияга зыян келтиргени үчүн 103 млн сомдон ашуун каражатты мамлекеттин пайдасына өндүрүү чечимин кабыл алган.
«Кичи Чаарат» компаниясы
Чоң компаниялардын катарына кирген кытайлык «Кичи-Чаарат» компаниясы Куру-Тегерек кенин иштетүүгө лицензиясы 2003-жылы алган. 2018-жылдын мартында Башкы прокуратура «Кичи-Чаарат» компаниясынын лицензиясы 13 жылдан бери мыйзамсыз узартылып жүргөнүн билдирип кылмыш ишин козгогон.
Мындан улам Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен кытайлык компаниясынын жетекчилигине «Кызмат абалынан аша чабуу» беренеси боюнча айып тагылган. Мындан тышкары, «Кичи-Чаарат» Чакмак-Су дарыясынан өзбилемдик менен кум-шагыл жана чопо-кум казып, мамлекетке 170 млн сомго жакын зыян келтиргени аныкталган.
2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы кытайлык ишкана «өтө чоң көлөмдөгү салыкты жашырган» деп кылмыш ишин козгогон. Мамлекет «135 миллион сомго жакын зыян тартты» деп эсептелип, компания акчаны төлөп бергени кабарланган.
Бирок ага карабай районго 2019-жылы «Кичи-Чаараттын» фабрикасы курулуп бүтүп, расмий ачылышына ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан. Алтын ишканасын куруу үчүн 220 млн доллар сарптаган.