Парламенттин комитети Кемпир-Абад боюнча келишимди жабык эшик артында талкуулады

Кемпир-Абад суу сактагычы. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу/«Азаттык»

Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип башкаруу келишиминин долбоорун жабык эшик артында кароону чечишти. Аталган сунушту Эл аралык иштер боюнча комитеттин 31-октябрдагы жыйында Ырысбек Атажанов талкууга коюуну суранды.

Депутат Адахан Мадумаров менен Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад маселесин жабык эшик артында талкуулоого каршы пикирин билдиришти.

«Кыргызстанга жакпаган нерсени “эшикти жаап коюп карайбыз” дегенди адат кылып алдык. Бул жерде мамлекеттик сыр жок. Жабык эшикте карала турчу маселелердин өзүнүн эрежеси болот. Негизи парламенттин тарыхында бир чакырылышта ашып кетсе 1-2 гана [жыйын] жабык өтчү эле. Азыр бирдеме болсо эле “жабык эшик артында өткөрөлү” дегидей бул маселе мамлекеттик сырбы? Мен башынан аягына чейин окуп чыктым, ал жерде эч кандай мамлекеттик сыр жок. Сөз суу жөнүндө гана болуп жатат. Эмнеси жабык болот?» — деди Мадумаров.

Анын кесиптеши Атажанов Кемпир-Абад учурда «көйгөйлүү маселе» экенин, «мезгили келгенде ачык талкууга коюларын» билдирди.

Аны менен катар депутат Нуржигит Кадырбеков дагы «ачуу менен коңшу өлкөгө тил тийгизбей», келишимдин долбоорун ачык талкулоону сунуштады. Ошондой эле ал «Кемпир-Абад маселесин кароону беш жыл кийинкиге калтырып турууну» суранып, президентке кайрылуу сунушун айтты.

Жыйынтыгында, Кемпир-Абад боюнча келишимди жабык эшик артында кароого 7 депутат колдоп добуш берди. Ал эми Мадумаров, Кадырбеков жана Чыңгыз Айдарбековдор каршы чыгышты.

Кемпир-Абаддын айланасындагы чуу

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелерди тактоо боюнча протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Анткен менен Ташиев суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Жергиликтүү тургундар, айрым саясатчылар жана активисттер Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өткөрүлүшүнө каршы чыгышкан.

23-октябрдын таңында ИИМ буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындаган 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен. Аларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылып, дээрлик баары эки айга камакка алынган.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жаңы чек ара кайдан өтөт? Кемпир-Абадды кыдырып, кол жууп кала турган жерлерди картага түшүрдүк

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды