«Кечиримдүү болушубуз керек» — Жапаров Атамбаевдин бошотулушу тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушу боюнча укук коргоо органдарынын жана соттун чечимине макул экенин билдирди.

«Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз», — деди ал.

Жапаров жада калса душманы дагы түрмөдө жатышын каалабасын билдирди.

«“Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: “Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын” деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат», — деди президент.

Атамбаев 14-февралда Молдовановка айылындагы №27 колониядан бошотулган. Буга чейин Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарганы белгилүү болгон. Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүлгөн.Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Мындан тышкары, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президентке дарылануу үчүн Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууга уруксат берген. Атамбаевдин тарапташтары саясатчы Испанияда, премьер-министр Педро Санчестин жеке чакыруусу менен барып дарыланарын билдиришкен.

Анткен менен Атамбаев дагы деле бир нече кылмыш ишинин фигуранты бойдон калууда, алар сотто бүгүнкү күнгө чейин каралууда. 15-февраль күнү эртең менен Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти.

Тема боюнча окуңуз: Атамбаев Жээнбековдун артынан куубасын, «аны Кудай өзү жазаларын» билдирди