Видео: Ошто унаасын чимирилте айдаган айдоочуга 7500 сом айып пул салынды

Ош шаарынын борбордук аянтында 16-августта унаасын чимирилте айдаган айдоочу 7500 сом айып пулга жыгылды. Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кабарлады.

«Жыйын учурунда унаанын дөңгөлөктөрүнүн катуу чыккан үнүн угуп аянтка көз салдык. Картеж унаасы тойду көркүнө чыгарам деп тегеренип жатыптыр. Дароо эле патрулдук милицияга кабарладык. Алар он мүнөт аралыгында келип, тартип бузган айдоочуну кармашты» — деди ал.

Айдоочунун жол эрежесин бузгандыгы мэриянын видео байкоо камерасына түшүп калган. Абсаттаров айдоочу «Авто ээнбаштык» беренеси боюнча административдик жазага тартылганын кошумчалады.

10-июнда Кара-Суу районунун тургуну Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машинасы менен Токтогул Сатылганов сейил багынын тепкичтерин талкалаган. Бул көрүнүш да парктын видео байкоо камерасына тартылып, айдоочуга ушундай эле суммадагы айып пул салынган.