Видео

Чет элдиктер сүмөлөктү ар кандай азыктарга аралаштырып жеп көрүштү

Нооруздун башкы символдору — сүмөлөк менен боорсок. Бирок эгер боорсокту каалаган убакта жей берүүгө болсо, сүмөлөктү бир Ноорузда гана даярдашат. «Клооп» чет элдиктерге сүмөлөктү ар башка азыктар менен даамдап көрүүнү сунуштап, алардын реакциясын тартып алды. Аны биздин видеодон көрүңүз.

Токтотмобу же көк шиберби? «Бишкек жашыл чарбанын» жумушчулары менен жеке ишкерлер жашылдандыруунун айынан урушуп...

Бишкектин Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруу бюросунун кызматкерлери «Бишкек жашыл чарбанын» кызматкерлерине көк шибер отургузууга жолтоо болушкан. Алар муну мэрия ал жерде унаа токтотмо жай курууну убадалаганы менен түшүндүрүштү.

Видео: Новопавловкада үч турак жай жана оор жүк унаасы өрттөнүп кетти

Чүй облусундагы Новопавловкай айлында жеке турак жай өрттөнүп, анын натыйжасында дагы эки жеке турак үй, оор жүк унаасы жана контейнер күйүп кеткен. Тилсиз жоо түшкө маал саат 12де чыгып, анын үч саттан кийин өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок.

Депутаттар Бишкек мэрине каршы митингдин шартында аялдардын жана ЛГБТнын маршын талкуулашты. Бул кандай болду?

0
«Кыргыз Чоролору» улутчул кыймылынын («Кырк Чоро» аты менен таанымал) мүчөлөрү «гей пропагандага» каршы чыгып, аялдардын тынчтык жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларын жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Бул учурда Жогорку Кеңеште «гомосексуалдуулукту пропагандалоого» каршы күрөшүү үчүн бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу сунушталды.

«Коопсуз шаар»: Бишкекте айдоочуларга штрафтарды жеткизе башташты. Видео

ЖКККББ 11-мартта Бишкекте почточу жол эрежесин бузуу үчүн штрафтарды жеткирип жүргөнү тартылган видеону жарыялады — бул айдоочулар айып пулдар жөнүндө билдирүүлөрдү кантип алып туруушаары боюнча мисал.

Бишкекте 8-мартка карата жыл сайын өткөрүлүүчү аялдардын жөө жүрүшү болуп өттү. Ал кандай болду?

0
Бишкектин борборунда 8-мартка карата тынчтык жөө жүрүшү өттү. «Кырк Чоро» кыймылынын өкүлдөрү бул жүрүштү үзгүлтүккө учуратабыз деп коркутушкан, бирок ага алда канча көп адам келген. «Кырк Чоро» өзү акцияны токтоткон жок, бирок анын ордуна өздөрүнүкүн уюштурушуп, жолоочуларга гүл тартуулап жатышты.

ЖМКлар Момбеков УКМКга чакырылганын кабарлашты. Атайын кызмат муну четке какты

«Калыс Медиа» басылмасы өз маалымат булактарына таянып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламенттин депутаты Рыскелди Момбековду суракка чакырганын билдирди.

Журналисттер Африкада жүргөн орус жалданма аскерлердин арасында кыргызстандыкты табышты

«Азыркы учур» телеканалы ыктыярчылардын «Муниципиалдык сканер» аттуу антикоррупциялык долбоору менен биргеликте жүргүзгөн иликтөөсүндө Африкада жүргөн орусиялык жалданма аскерлердин арасында бир кыргызстандык бар экенин аныкташкан. «Азаттыктын» журналисттери өз материалында иликтөөнүн урунттуу жерлерин келтирет.

«Аттарга ырайымсыз мамиле». Орусиянын тергөө комитети Москвада өткөн көк бөрү оюнун текшерет

Орусиянын тергөө комитети көк бөрүнүн катышуучулары оюн учурунда аттарга ырайымсыз мамиле кылган деген маалыматты текшерет. Оюн Москванын борбордук ат майданына өткөн.

Мамкүзөттүн кызматкери «Коопсуз шаардын» көчмө камерасын уурдоого аракет кылып, аны бузуп алды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу мамкүзөттүн кызматкери Чүй облусунда жол эреже бузууларын каттап аткан көчмө камераны уурдоого аракет жасап, аны бузуп алды. Эми түзмөк Орусияга диагностикага жөнөтүлмөй болду.

Редакциянын тандоосу