Видео

Жаш кызга ажал алып келген «никесиз төрөт»

0
Оштогу Ноокат районунда милиционерлер суудан кыздын сөөгүн табышып, өлүмгө шектүү катары анын апасы менен бир тууган агасын кармады. Милициянын маалыматына ылайык, эне-бала кызды «никесиз төрөгөндүгү» үчүн жазалап, каналга ыргытып жиберишкен. «Клооптун» журналистери коомчулуктун үрөйүн учурган окуянын чоо-жайын билүү үчүн Ноокатка барып, бул үй-бүлөнү тааныган айылдаштарын сөзгө тартышты.

«Ак жүрөк» — он миңден ашуун тагдырды өксүктөн калкалаган жай

Зордук-зомбулук көргөндөр баш паанектеген Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун иштеп жатканына быйыл 16 жыл толду. Бул убакыт аралыгында борбордун дубалдары оор жазмышты баштан өткөргөн миңдеген кишилердин көз жашына күбө болгон. «Ак жүрөктөгү» абал жана көңүл кейиткен тагдырлар туурасында борбордун негиздөөчүсү Дарика Асылбекова «Клоопко» кеп салды.

Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды

Бишкек шаардык кеңеши Азиз Суракматовду мэр кылып дайындады. Ага 43 депутат добуш берип, бирөө каршы болгон. Бул шайлоодо альтернатива болгон жок, себеби бул кызматка Суракматовдон башка талапкер болгон эмес.

Талкаланган тротуарлар жана пандустар. Эмне үчүн Бишкекте коляска менен жүрүүгө болбойт?

«Клооптун» журналисттери эксперимент өткөрүп, майып коляскасындагы адамдар менен бирге Бишкектин борбордук Абдрахманов/Байтик Баатыр көчөлөрүнүн эки тарабынан өтүп көрүштү. Бүтүм: шаар ичинде коляскада жүрүү өмүргө коркунучтуу.

«Коомдун өгөй балдары». Ошто аутизмге кабылгандардын окуясы

0
Аутизм коомчулукту түйшөлтүп, кээ бир ата-энелерди үмүтсүздүккө түртүп жатат. Бул илдеттин белгилерин алып жүргөн балдарды кантип коомго аралаштырса болоорун ата-энелер өз мисалында «Клоопко» айтып берди.

Адам сатууга каршы үндөгөн дубалдагы сүрөттөр

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына адамдардын азаттыгынын маанисин түшүндүргөн сүрөттөр тартылды. Уюштуруучулар көчө сүрөттөрү аркылуу жаштарды коомдук желеде жумуш сунуштагандарга шектенүү менен мамиле кылууга чакыргысы келет.

Эмне үчүн Кыргызстандан кетип жаткан ооган кыргыздары кайра кайтууну каалашпайт?

Ооган кыргыздарынын тарыхый мекениндеги жашоого байланыштуу өкүнүчтөрүнүн эң башкы себеби бийлик менен өз ара түшүнбөстүк, начар жашоо шарты жана көнүшүп кетүү мүмкүн болбой жатканында. Элвира Акимова Нарын облусуна барып, ооган кыргыздарынын абалын билип келди.

Mozilla кыргыз сөздөрүн тааныган системаны түзүп жатат. Буга ар бир адам катыша алат

Mozilla коому негизи өзүнүн Firefox браузери менен белгилүү, кыргыз сөзүн таануу системасын түзүү менен бирге эле ал дагы көптөгөн нерселерди жасайт. Аны жакшыртуу үчүн ар бир каалоочу катыша алат. Бул кандай иштейт жана эмне үчүн керек?

Редакциянын тандоосу