Видео

Комикстери менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткысы келген Сайхиросаки

Жапон комикси манга деп аталат. Анда окуялар сүрөттөр менен баяндалып, тексти аз болот. Комиксте баатырлардын окуясы баяндалып өспүрүмдөргө ылайыкталса, манга кеңири аудитория үчүн басылып чыгарылат.

«Алайдын» чабуулчуларын «сабоого» шектелген адам кармалды

Калыстар жана Тартип комитеттеринин чечими чыккандан кийин эки клуб тең нааразычылыгын билдирип, чечим боюнча комментарий берген эмес. Ошондой эле, алдыда өтө турган 10 оюндан четтетилген Алия Силла да өзүнө карата чыгарылган чечим боюнча кандайдыр бир билдирүү тарата элек.

«Кантип Бакиевдин жеке зоопаркынан жаныбарларды сактап калгам?»

Окуя сегиз жыл мурда болгон. Анда коркунучка карабастан Салтанат Сеитова колундагы кичинекей балдары менен Кыргызстандын түштүгүнө барып, аткезчилик менен Курманбек Бакиевдин бакчасына алынып келинген жаныбарларды сактап калган.

«Бишкек-140»: Биринчи көп кабаттуу үйлөр, Ак үй жана Пишпектин башчысы жөнүндө эмнелерди билүү керек?

0
Бул чыгарылышта актер Азиз Мурадилаев Фрунзенин биринчи көп кабаттуу үйлөрү, филармония, Ак үй жана алгачкы калаа башчысы жөнүндө айтып берет.

«Парваз». Короз таптап киреше тапкандар

Бала кезде короодо короз тебиштирип жаткан теңтуштарыма көзүм түшүп калчу. Азыр эми эс тартып, үй-бүлөлүү болгонумда короз уруштуруу — бул чоңдордун да эрмеги экенин билдим.

Видео: Экс-премьер Сапар Исаков УКМКдагы сурактан кийин

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 26-апрелде өлкөнүн мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду суракка чакырды. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун жаңыртуу ишине байланыштуу күбө катары чакырылган.

«Көчөдө калуу коркунучу». Ондогон жылга созулган 300дөй тургундун соттошуусу

Ош шаарында жатакана тибиндеги көп кабаттуу үй азыркы күнгө чейин бир нече жолу сатылды. Кожоюндары алмашкан сайын жатаканадагы 300дөй тургун көчөдө калуу коркунучунда жашап жатышат.

«Бизде мындайлар жок». Эмне үчүн Бишкек мэриясы Европанын көчөттөрүн 9000 сомдон сатып алган?

Коомдук ишмер Адил Турдукулов менен журналист Булат Сатаркулов Бишкек мэриясы сатып алган көчөттөр тууралуу репортаж жарыялашты.

«Атамбаевдин 11 досу». Байсаловдун экс-президент жөнүндө иликтөөсүн баяндап беребиз

Коомдук ишмер жана Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө чакан иликтөө жарыялады. Материалда Атамбаевдин «Акылдуу шаар» долбоорун теңата инвестору болууну каалаган «АКА Инвест» компаниясы менен байланышы бар деп айтылат.

Чыныдан чыккан музыка

Нарындын Учкун айылында жашаган Рахат Бозгунчиева чай ичкен чынылардын жардамы менен обон чыгарып, өзүндөгү жашыруун талантын ачып чыкканына үч айдын жүзү болду.

Редакциянын тандоосу