Жалпы элдин дүрбөлөңгө түшкөнүнө карабастан Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн арасында коомдук желелердеги оюндарга байланыштуу бир да өзүнө өзү кол салган учур катталган эмес. Бул туурасында Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы билдирди.
Коомдук тармактардагы өспүрүмдөрдүн арасындагы «жан кыюу» оюндары узап бараткан аптада Кыргызстандагы эң талкуу жараткан тема болуп калды. Алгач бул тууралуу «Спутник» маалымат агенттиги 30-январь күнү кечинде жазып чыккан болчу.
Бирок жалпы элди коркунучка салганына карабастан өспүрүмдөрдүн бири болсо да дал ушул оюндан улам жанын кыйганына эч кандай далил жок. Муну Kloop.kgге курган эксклюзивдүү маегинде Кыргызстандын ИИМинин алдындагы Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ӨИИ) башчысы Азамат Абдрахманов ырастады.
Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районундагы 8-класстын окуучусу 5-кабаттан боюн таштаган учурду Абдрахманов «убакыттын дал келип калышы» менен түшүндүрдү.
Абдрахманов билдиргендей, аталган оюндан улам эки өзүнө кол салуу аракети катталып, экөө тең токтотулуп калган.
Анын ою боюнча, балдарга оюнга катышпай коюунун алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эч кандай зыян келтирбей турганы боюнча маалыматты жеткирүү баарынан маанилүү.
«Жазышуунун баарын өчүрүп таштап, оюндан чыгып, алардын артынан чет өлкөдөн "жаяндардын" [уюштуруучулардын] эч кимиси келбей турганына ишендирүү керек», — деди Абдрахманов.
Баары биригип, расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2016-жылдын эсебинен 96 өспүрүм өз жанын кыйган. Абдрахмановдун айтымында, беш жылдан (2011) бери бул сан төмөндөгөн.
Мектептердеги текшерүүлөр
Бирок ошого карабастан милиция өлкө боюнча мектептерде бир нече жолу текшерүүлөрдү жүргүзүп, бул коомчулукта ар кандай реакция жаратты.
ӨИИ 2-февралдан тарта мектептерге жана интернет-клубдарга барып, окуучулардын колунда кесиктердин бар-жок экенин текшерүүдө, ошондой эле айрым учурларда смартфондорунун ичин ачып көрсөтүүсүн өтүнүүдө.
«Мындай иш-чаралар балдар ушул оюнду ойноп жатат деген далилдер бар гана мектептерде өткөрүлүлүүдө. Балдарды маңкуртташтырып жатышат», — деп түшүндүрдү милициянын иш-аракеттерин Абдрахманов.
Бирок окуучулар милиция тарабынан орой мамиле болуп жатканын айтып арызданышууда. Андан тышкары укук коргоо органдары коркунуч сезимин жаратып жатканын айтышууда.
«Менин телефонумда ВКонтактенин колдонмосу болгону үчүн алар [милиционер менен мугалимдер] менден "көк жаян" ойнойт деп шектеништи. Текшерүү жарым сааттай созулду. Бул убакта коркунуч туудурган сезимде болуп, басым болуп жатканын сезип жаттым», — деп айтып берди Бишкектеги мектеп окуучуларынын бири.
Абдрахманов түз эфирде маек куруп жаткан убакта, «Фэйсбуктун» колдонуучусу милиционердин «11-класстын окуучу кыздарын жылаңачтанып чечинүүгө» мажбурлаганын айтып арызданды, бирок ал кайсы мектепте болгонун тактаган жок.
Абдрахманов билдиргендей, мектеп окуучулары милиция кызматкерлеринин аракеттери боюнча 111 жана 185 номерлерине чалып билдире алышат. Ал ошондой эле мындай учурларда ИИМдин Жеке коопсуздук кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлөөрүн убадалады.
Психолог Тынчтыкбек Бакытов милиционерлер тарабынан өткөрүлгөн күтүүсүз текшерүүлөр балдардын жеке мейкиндигин бузаарын айтат жана бул кошумча ишенбөөчүлүккө алып барат деп эсептейт.
«Менин оюмча, текшерүү учурунда балдар болуп жаткан окуядан дендиреп калышат. Алар өздөрүнүн жеке мейкиндиги бузулуп жатканын сезишет. Балдар эмне үчүн аларга ишенбөөчүлүк менен мамиле кылып жатышканына жооп алгысы келет. Баш аламан эле иштей бербей, өзүнө кол салуу боюнча профилактика иштерин системалаштыруу керек», — деп эсептейт Бишкектеги №46-мектепте психолог болуп иштеген Бакытов.
Азамат Абдрахманов жана мектеп психологу Тынчтыкбек Бакытов менен болгон маек толугу менен:
Балдарды түшүнүү
Бакытов ата-энелерге балдарынан смартфондорун алып салбоо жана суроолорду жадырбоо кеңешин берет.
Эң жакшысы, анын пикиринде, бала менен сүйлөшүп, аны эмне тынчсыздантып жатканын түшүнүүгө аракет кылуу керек.
«Балаңыз кайсы оюнду ойношу жана эмнеге кызыгаары тууралуу сүйлөшүңүз. Түп тамырынан өзгөртүп салбаңыз, балдарыңыз интернеттен пайдаланып, ойной берсин, бирок чеги менен», — деп кеңеш берет психолог.
Анын ою боюнча, балага ата-энеси, мугалимдери жана милиционерлер тарабынан ашыкча басым жасалышы бир гана терс таасирин берет.
«Шек санабай, "Өзүңө кол салгың келбей атабы?" деген суроолорду бербөө керек. Бул баланы кайра чочутат», — деп эсептейт Бакытов.
Өзүнө кол салуу оюндары Кыргызстанга Орусиядагы интернет сегментинен, же болбосо ЖМКдагы макалалардан келиши мүмкүн.
«Көк жаян (синий кит)» оюну («тынч үй (тихий дом)» деген ат менен да белгилүү) Орусияда пайда болуп, бул тууралуу 2016-жылы «Новая газетада» чуулгандуу материал жарык көргөн.
Бирок гезит макаласы медиа коомчулуктун сын-пикирине кабылган. Анткени материалда коомдук желелердеги оюн менен өзүнө кол салуу окуяларынын ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилдүү түрдө келтирилген эмес.
Кыргызстанда дагы Орусиядагыдай эле өзүнө-өзү кол салуу оюндары делген көрүнүш калкты дүрбөлөңгө салган.
Анын масштабы ушунчалык чоң болгондуктан Бишкекте белуханын (кит сымал жаныбардын) сүрөтүн сырдап салышкан.
Башкы сүрөт: Бишкек ШИИБинин кызматкерлери белуханын сүрөтүн текшерүүдө, сырдалганга чейин бир нече саат мурун. Бишкек, 2017-жылдын 1-февралы.
Авторлошу: Нуржамал Жанибекова