Реформалар, адам жүзүн тааныган камералар жана Кой-Таштагы окуя — Жунушалиевдин маеги

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «АКИпресс» басылмасына маек курду. «Клооп» ИИМдин башчысынын маегинен кыскача баяндама даярдады.

Реформалар тууралуу

Милицияга болгон ишеним деңгээли төмөндөп кетти, аны кайтарыш керек. Бул министрликтин эң башкы милдеттеринин бири. КЖБР иштеп баштагандан тарта арыздарды же даттанууларды жашырып коюу мүмкүн болбой калды. Бирок, мындай фактылар деле бар, бирок бул өткөн жылдарга салыштырмалуу абдан аз жана бул кызматкерлердин сабатсыздыгынын айынан болууда. Реформалардан улам жаңы алты көз карандысыз кызмат пайда болду. Президент ар бир айылда аймактык инспектор болсун деп тапшырган. Эгер биз ушуга жетишсек, кылмыштар азыраак болот. Учурда демөөрчүлөр айыл өкмөттү колдоп баштап, мындай кызматкерлер үйүн үй куруп жатышат.

«Коопсуз шаар» жана кайгуул милиция тууралуу

Кытайдын колдоосу менен адам жүзүн тааныган камераларды орното баштадык, бул үчүн бизге кайтарымсыз түрдө 6 млн доллар бөлүп беришкен. Бишкекти бүтүндөй камера менен камсыздоону пландап атабыз. Ошондой эле милициянын кайгуул кызматын түздүк. Эми ал «Коопсуз шаар» системасы менен иштейт. Анын ичинде, бул кызматкерлер 2020-жылдан тарта Бишкекте ЖКККБнын ордуна, андан соң бүткүл өлкө боюнча иштей башташат. Жумушчу топ милициядан полицияга өтүү мүмкүнчүлүгүн да изилдеп жатат, бирок бул үчүн 1 млр сомдон ашуун каражат керек. Жол кырсыктарынын саны өстү, бирок бул эми болуп жаткандын бардыгы катталып жаткандыгына байланыштуу. Мындан тышкары, жарыктандыруу начар болгондуктан да жол кырсыктары жана жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү орун алууда, анын үстүнө айдоочулардын бардыгы эле жол кыймылынын эрежелерин билишпейт.

Атамбаев жана Кой-Таштагы жаңжал тууралуу

Мен Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алууга 8-августта келип, аны менен сүйлөшүүлөрдү жүгүзгөм. Ал мен үчүн кылмышкер деп эсептелээрин түшүндүрдүм. Мен ага бирөө-жарым жабыркашын каалабай турганымды, бирок баары бир штурмга бараарымды айттым. Андан кийин Атамбаев чыкты, 19:15те ал жактан чыгып кеттик. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда мурдагы орун басарым Курсан Асановду көргөн эмесмин. Тергөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат, башкаларына комментарий берүү мен жактан туура эмес болуп калат.

Кашкар Жунушалиев ИИМде 2009-жылы иштеп баштаган — ал учурда аны коомдук кооопсуздук башкармалыгынын жетекчилик кызматына дайындашкан. Кийинки жылы аны министрликтин башчысынын орун басарлыгына чейин көтөрүшкөн. 2014-2016-жылдардан тарта Жунушалиев Бишкек ШИИББин жетектеген, андан соң ИИМдин башчысынын милдетин аткара баштаган. Ал 2018-жылы апрелде министр болуп бекитилген.