Чек арадагы коррупция тууралуу айтып чыккан офицер коркутууларга даттанды

Чек арадагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан чек ара офицери Талгат Аланов «Клоопко» белгисиз адамдар телефон аркылуу коркутуп жатышкандыгын билдирди.

«Жашыруун номерлерден “токтот”, “жок болуп кетесиң” деп опузалап атышат. Аскер прокуратурасына мени ким коргойт деген суроо менен арыз жазайын деп турам», — деди Аланов.

Ошондой эле офицер жумушунда куугунтукталып, жетекчилик өздүк курамга ал тууралуу жалган маалыматтарды таратып, жаман аттуу кылып жатканын кошумчалады.

«Жакында президентке кирейин деген болчумун. Эмгек өргүүгө чыгайын десем, коё бербей жатышат. Материалдарым бар эле. Ошолорду президентке алып кирейин дегем. Ошондо өтө чоң коррупциялык былыктар ачылмак да, ошондуктан бут тосуп жатышат», — деп түшүндүрдү ал.

Чек ара офицери коррупциялык былыктар дегенде кеп эмне жөнүндө болуп атат деген суроого — бул президенттин өзүнө гана айтылуучу маалымат деп жооп берди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борборунан «Клоопко» Талгат Алановдун билдирүүлөрү боюнча кийинчерээк жооп берүүнү убадалашты.

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 27-ноябрда басма сөз жыйын курган. Анда ал өзү иштеп жаткан ведомстводогу коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан.

Жыйында ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Ал эми чек ара кызматынан ведомстводо коррупция болуп-болбогонун Аскер прокуратурасы иликтей турганын жана Алановдун айткан сөздөрүнө укуктук баа берилээрин билдиришкен.

Көп өтпөй Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук» чек ара бекетинин башчысы Талант Айтпаев кызматынан убактылуу четтетилген. Чек ара кызматынан бул Алановдун маалымат жыйында берген маалыматы менен тиешеси жоктугун айтышкан.