Райымбек Матраимов журналисттерди жана Ширин Айтматованы сотко берди

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кытайлык бизнесмен Айэркен Саймаитини өлтүрүү иши боюнча экинчи сурагын берип чыгып, саясий активист Ширин Айтматованы, «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновду жана дагы «башка журналисттерди» сотко бергенин билдирди. Бирок «башка журналисттердин» катарына кимдер кирээрин так атап айткан жок.

«Тергөө менен кызматташып, мага койгон жалаалардын бардыгын бетин ачууну мен өзүм кызыкдармын. Менин 700 миллион доллардан менин 7 тыйынына да тиешем жок. “Азаттык” үналгысы эл аралык мекеме болгондуктан — эл аралык деңгээлде соттошкону даярданып жатабыз», — деди Матраимов.

Матраимовдун айтымында, ал август айынан тарта чет малекетте бизнес кылып жүргөн, бирок анын айланасында жаралган «ызы-чуунун» айынан Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон.

Матраимовдор менен Абдукадыр үй-бүлөөсүнүн байланышы тууралуу журналисттик иликтөө

OCCRP, «Азаттык» үналгысы жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөө жарыялашкан жана анда кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадыр менен таасирдүү кыргызстандык аткаминер Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу айтылган. Журналисттердин маалыматчысы Айэркен Саймаити Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун акчаны чыгарып кеткенин мойнуна алып, коррупциялык тармак ошол убактагы бажы башчысынын орун басары Райымбек Матраимовдун жардамы менен уюшулганын айтып берген.

Журналисттик иликтөө коррупцияга каршы акциянын өтүшүнө себеп болгон. Журналисттердин маалыматчысы болгон Саймаити иликтөө чыкканга чейин атып өлтүрүлгөн, ал эми ага чейин анын курьери менен коллектору киши колдуу болгон. Саймаитинин өлүмү боюнча иш козголуп, аны өлтүрүүгө шектелген төрт адам кармалган жана Түркиядагы экс-консул Эркин Сопоков суракка алынган. Кийинчерээк Сопоков «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кармалган — ал дипломаттык автоунаасын Саймаитиге мыйзамсыз берген.

Райымбек Матраимов сотко берген Ширин Айтматова жана анын антикоррупциялык «Үмүт-2020» кыймылы Матраимов менен анын аялынын расмий кирешелерине дал келбеген мүлктөрү тууралуу видео роликтерди жарыялаган.

Райымбек Матраимов ким жана анын үй-бүлөсү эмне себептен таасирдүү деп эсептелгени тууралуу бул жактан билип алсаңыз болот:

Журналисттик иликтөөлөр:

Матраимовдор үй-бүлөсү: