Матраимов муниципалдык жерди келишимдин негизинде тосконун айтууда — Ош мэриясы

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» 6-декабрда Руслан Матраимов «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна караштуу жер тилкени өз алдынча тосуп алганын билдирген.

Бирок бир нече күндөн кийин Абсаттаров ага Матраимов байланышка чыгып, жер тилке алты жыл мурун келишимдин негизинде тосулганын айтууда деп маалымдады.

«Алар [Матраимовдор] айтып жатышат: “Биз келишимдин негизинде тосконбуз. [Жерди] көрктөндүрдүк, бак тиктик. Бирок ал “Келечек” [балдар чыгармачылык борборуна] калды”. Мыйзамсыз тоскон эмеспиз деп жатат», — деди Абсаттаров.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, Матраимов келишим тууралуу документтерди мэрияга көрсөтө элек.

Матраимовдордун үй-бүлөсү муниципалдык жерди жана жолду тосуп алышкандыгы тууралуу маалымат белгисиз адамдар «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салышкандан кийин белгилүү болгон. Окуя Руслан Матраимовдун үйүнө жакын аймакта болгон.

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдун айтымында, окуя болгон күнү Кулчуманов «Келечек» балдар борборунун тосулган жолун жана тилкесин дронго тартканы барган.

Исаков экөө тең Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан тосулганын билдирген. Кийинчерээк Руслан Матраимов жолду жергиликтүү бийликтин суранычы менен тосушканын тастыктаган. Ал эми тосулган муниципалдык тилке тууралуу комментарий берген эмес. Ошондо Ош мэриясы бул боюнча териштирүүнү баштаган.

Анын жыйынтыгы менен Матраимов муниципалдык жолду жана жерди өз билемдик менен тосуп алганы аныкталган. Мэриядан архитектура башкармалыгы жолду ачуу боюнча Матраимовдорго эскертүү бергенин кабарлашкан. Тосулган жер тилкенин темир тосмолору болсо «Азаттык» үналгысынын журналисттери маалыматты ачыктагандан кийин алынган.

Матраимовдордун таасири

Матраимовдор Кыргызстанда эң таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Бир тууган ага-инилердин эң улуусу Искендер Матраимов — Жогорку Кеңештин депутаты. Тилек Матраимов Кара-Суу районун жетектейт. Дагы бир иниси Ислам Матраимов финполицияда ички иликтөөлөр башкармалыгын башкарган.

Бирок Матраимовдордун арасында «Райым-миллион» атыккан Райымбек эң эле белгилүүсү болуп эсептелет. Ал Ош бажысынын жетекчиси, кийинчерээк бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суранычы боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков аны бул кызматтан алган. Матраимов сотто өкмөттүн чечимине даттанып, сот аны кызматына кайтаруу чечимин кабыл алган.

Каржы полициясы Райым Матраимовдун мүлкүн текшерип жатат. 2019-жылдын декабрь айында журналисттер президент Сооронбай Жээнбековго өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын беришкен. Анда Матраимов жана анын үй-бүлөсү мамкызматта иштегендери менен кымбат үй, жерлерге ээ экени айтылган.

Автору: Сагын Сабыров