Коррупция тууралуу айтып чыккан офицер чек ара кызматынын төрагасын дебатка чакырды

Подполковник Талгат Алановдун басма сөз жыйын куруп билдирүү жасап жаткан учуру. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Чек арадагы «мыйзамсыз» иштер боюнча үн каткан подполковник Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Улан Шаршеевди түз эфирде өтчү дебатка чакыра турганын фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Мамлекеттик чек ара кызматындагы болуп жаткан коррупциялык иштер боюнча, элдин алдында ачык айкын сүйлөшүүгө жана элдин суроолоруна жооп берүүгө дебатка чакырам», — деп жазган Аланов.

Мурдараак ведомстводон Аланов уруксатсыз 300 ирет чет жакка чыгып келгенин кабарлашкан. Ош облусттук чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Асылкерим Ажиев «Клоопко» бул тууралуу маалыматтар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Алановдун кайсы убакта жана кайсы өлкөлөргө чыгып келгендиги тууралуу маалыматтарды топтоп, учурда Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Териштирүү иштери жыйынтыкталгыча башка маалымат азыр берилбейт», — деди Ажиев.

Ал эми Аланов «Клоопко» аны «каралоо аракети жүрүп жатканын» билдирди. «Бул тууралуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат бербейм деп кол коюп келдим. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Мен тараптан мыйзам бузуулар жок, муну сотто далилдеп берем», — деди Аланов.

Мындан тышкары, 23-январда vb.kg басылмасында Алановдун эки жыл мурда 20 миң сом өлчөмүндө пара алганы тууралуу макала жарыяланды. Анда Чүй облусунун тургуну чек ара кызматкери «Актилек-автожол» өткөрмө бекетинде иштеп жүргөндө документтери жок көмүр жүктөлгөн алты камазды өткөрүү үчүн акча алганы жана убадасын аткарбай койгону айтылат. Ошондой эле тургун анын арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдаган.

Ушул жылдын 21-январда подполковник Алановдун үстүнөн беш кесиптеши арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Алар Алановдун маалымат жыйынында айтылган маалыматтар «кадыр-баркыбызга шек келтирди» деген жүйөө менен 100 миң сомдон компенсация талап кылышууда.

Чек арадагы коррупция тууралуу маалымат жыйын

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында басма сөз жыйын курган. Анда өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан.

Ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Бир нече күндөн кийин «Достук» чек ара бекетинин башчысы Талант Айтпаев кызматынан убактылуу четтетилген. Чек ара кызматынан бул Алановдун маалымат жыйыны менен тиешеси жоктугун айтышкан.

Ведомстводон ошондой эле чек ара кызматында коррупция иштери болуп-болбогонун Аскер прокуратурасы иликтей турганын жана Алановдун жыйында айткан сөздөрүнө укуктук баа берилээрин билдиришкен.

Көп өтпөй Талгат Аланов өзүнө карата телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан. Ошондой эле өткөн жылдын 12-декабрында Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасап, аны кабыл алууну өтүнгөн.