Кытайдан Алмата аркылуу 40 кыргызстандык келди

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан Алматага 171 казакстандык жана 40 кыргызстандык алынып келингенин кабарлады. Алардын бардыгы коронавируска байланыштуу Кытайдан чыгып кетишти.

Учак Алматага 13-февраль күнү саат 7:00дө конуп, кыргызстандыктар Бишкекке жөнөтүлгөн.

Мурдарак Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдан тарта Кытайдан Кыргызстанга 634 адам кайтып келгенин кабарлаган. Алардын ичинен 552 адам үй шартында медициналык кароого алынып, дагы 82си медициналык жайларда карантинге жайгаштырылган.

«Ухандын өзүнөн келгендер обсервацияга жайгаштырылды. Ал 18 адам. КЭРден келгендердин бардыгы бир нече күн температуранын бар жогуна текшерилип жатат. Азыркы күндө коронавируска шектүү адамдар жок», — деп билдиришти ведомстводон.

Кытайдагы коронавирустун чыгышына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык кызматтын алдында тынымсыз байланыш ачты. Төмөнкү телефон номерлери аркылуу консультация алса болот: 0312323055, 0312323202, 0550033607.

Кытайдагы коронавирус

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары буга чейин белгилүү болбогон коронавирустун очогу болуп калды. Бүгүнкү күндө бул оорудан бери эле дегенде 1300 адам каза таап, 60 миңден ашуун жуктуруу учуру катталып, 6 миңге чукул адам айыктырылган.

Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын карантинге жаап, шаардагы темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Жаңы вирусту жуктуруп алуу болгон дээрлик бардык учурлар Кытайдын аймагында аныкталган, бирок жуктургандар башка өлкөлөрдө да табылууда: Тайланд, Вьетнам, Сингапур, Жапония, Малайзия, Түштүк Корея, Кот-д'Ивуар, Тайвань, Непал, Франция, Финляндия, Германия, АКШ жана Австралия.

Мындан тышкары, Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги Diamond Princess круиз лайнеринде жаңы вирусту 218 жуктуруу учуру катталганын кабарлаган.

20-январда лайнер Жапониянын Йокогама шаарынан Кагосима — Гонконг — Окинава каттамы боюнча эки апталык круизге жөнөгөн. Круиз 4-февралда аякташы керек болгон. Бирок Гонконгдун жээгине чыгып барып келген жүргүнчү коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Круиз лайнери 3-февралда Йокогаманын портунда жүргүнчүлөрдүн бардыгын текшерүү үчүн рейдке калган. Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги лайнерди 14 күндүк карантинге калтырууну талап кылган.

Жапониянын өкмөтү жүргүнчүлөрдүн айрымдарына, эгерде аларда коронавирустун белгилери табылбаса лайнерден кетүүгө уруксат берген. Суу кемесинин бортунда 2666 турист жана 1045 экипаж мүчөсү бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДСУ) уюму 31-январда коронавирустун жаңы тиби менен шартталган Кытайдагы пневмониянын чыгышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Балтимордогу Жон Хопкинстин университетинин алдындагы системдик изилдөөлөр жана инжинирингдин борбору коронавирустун жайылышынын дайыма жаңырып туруучу статистикасы бар сервис иштеп чыккан — Wuhan Coronavirus (2019-nCoV) Global Cases (by Johns Hopkins CSSE).

Анда вирус жуктуруп алгандардын жана оорудан көз жумгандардын санын көрсө болот, ошондой эле вирустун өлкөлөр боюнча жайылышынын деңгээлине көз салып турса болот.

ТЕМА БОЮНЧА: