Төлөгөн Рахманберди уулун сабоого шектелип беш кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Төлөгөн Рахманберди уулу

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы эрежесиз уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулун Ош шаарында сабоого шектелип беш киши 29-январда кармалганын билдирди. Алар кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин атайын тизмесинде турушат.

Рахманберди уулу бул факты боюнча арыз жазгандан баш тарткан, бирок ага карабастан окуя «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүүлөр 29-мартка чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жабырлануучу 14-февраль күнү кечинде президент Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Өз кайрылуусунда Рахманберди уулу аны Нурбек Раимбеков «беш-алты баласы менен сабаганын» билдирген.

Ошондой эле Рахманберди уулу өткөн жылдын сентябрь айында аны Ош шаардык спорттук комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев бутуна атканын тастыктаган. Буга чейин спортчу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен «бутуна өзүн-өзү атып алгандыгын» билдирген.

Ош шаардык милициясынан Рахманберди уулунун «өзүмдү-өзүм атып алдым» деген көрсөтмөсү тергөө иштерине тоскоолдук жаратканын билдирип, учурда тергөө уланып жатканын кошумчалашты.