Оорукананын шартына даттанышкан карантиндеги бейтаптар башка жайга которулду

Ош шаарынын №7 поликлиникасынын шартына даттанган карантиндеги бейтаптар башка ооруканага которулду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады.

«Алар бардык зарыл шарттар түзүлгөн башка ооруканага жаткырылды. Аларга тынымсыз кам көрүлүп, күнүнө 4 жолу медициналык беткап жана антисептикалык каражат берилет. Бейтаптарга кезек менен жугуштуу оорулар дарыгери, медайым кам көрүп турушат», — деп билдирди Абсаттаров.

18-мартта Азамат Шамишиев аттуу интернет колдонуучу фейсбук баракчасына нааразы болгон бейтаптар тууралуу тасма жайгаштырган. Анда тасмадагы эки аял палата тазаланбай жатканына жана алардын саламаттыгын текшерген адам жоктугуна даттышкан. Бейтаптардын айтымында, алар кичи ажылыктан келишкенин, ал эми ооруканага 17-мартта жаткырылган.

«Бизди киргизип коюп, ошол бойдон эч ким келген жок. Дааратканага да кире албайбыз. Суу жок. Электр тогу да жок. Баары чаң. Биз ушундай шартта жатабыз. Же санитарка жок, же дарыгер жок. Биз таза жерден келип алып, ушундай шарты жок, таза эмес жерде жатсак кайра ооруп калабыз го», — деген тасмадагы аялдардын бири.

Республикалык штабдын 18-мартта өткөн брифингинде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирген. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынып дарыланууда.

Штабдан буга чейин вирус жуктурган жарандар менен бир учакта келген 135 адам учуп келгенин кабарлашкан. 19-мартта учакта жалпы 144 адам болгону айтылды жана анын экөөсү Өзбекстанга чыгып кеткени белгилүү болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция