Жалал-Абад облусунда коронавирустун жаңы 13 учуру катталды

Жалал-Абад шаары. Сүрөт: Азамат Жээнбеков

Материал саат 13:40та жаңыртылды.

Республикалык штабдан 29-мартта билдиришкендей, саат түшкү 12ге карата коронавирустун жаңы 26 учуру катталды. Анын тең жарымы Жалал-Абад облусунда аныкталды.

Ушуну менен COVID-19 вирусу 84 кишиде аныкталды. Алардын 39у Жалал-Абад облусунда, 33ү Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда, сегизөө (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган) Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда жана бирөө Нарын шаарында катталды.

Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан жарандардын саны 4886. Үй карантинде көзөмөлдөнүп жаткан жарандардын саны 3338

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция