Ош облусунда коронавирусту жуктургандардын саны 94 адамды түздү

Ош шаары. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

Республикалык штабдан 6-апрелге карата коронавирустун жаңы 69 учур катталганы кабарланды — 47 учур Ош облусунда аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 216га жетти. Анын 43 пайызы Ош облусуна туура келет. Буга чейин коронавирустун эң көп учуру Жалал-Абад облусунда катталган болчу. Ал эми азыр Жалал-Абад облусу экинчи орунда — 80 учур.

Бишкекте өпкөнү сездеткен илдетке 25 адам чалдыкса, Чүй жана Нарын облустарында 5тен учур катталган. Ал эми Баткен облусунда коронавирусту 4 адам жуктурду. Ысык-Көлдө инфекциялык илдет үч кишиде табылды. Талас облусунда коронавирус менен ооругандар катталган жок.

Илдеттен айыккандардын саны 10 адамга жетти. Ошондой эле коронавирустан 4 киши каза тапты.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланган. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция