Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 216га жетти

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 4-майда коронавирус дагы 9 медкызматкерде аныкталганын билдирди. Бишкекте алты, Жалал-Абад облусунда эки жана Нарын облусунда бир учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 216га жетти — алардын 139у илдеттен айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Ошондой эле COVID-19дан Бишкектеги №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси каза тапты — ал 58 жашта болчу. Өкмөт каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмдөгү кун төлөп бермекчи.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызматкерлердин кандай жол менен коронавирусту жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган. Ал эми министрликтин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов 2-майда коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түзгөнүн билдирди. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 10 бейтап каза таап, 575 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.