Сузакта күйөөсүнөн кордук көргөн аял кризистик борборго жайгаштырылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

«Азаттык» үналгысы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 29 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» кризистик бороборуна жайгаштырылганын маалымдады.

Борбордун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова «Азаттыка» аял күйөөсүнүн жана кайненесинин зомбулугуна кабылып, 29-мартта Сузак аймактык ооруканасына кошуналарынын жардамы менен жаткырылганын айткан. Анын айтымында, ал борборго 8-майда келген, ден соолугу жакшы болбогондуктан дарылануусун улантууда.

«Ал жолдошу менен кайненесинен катуу кордук көрүп, токмок жегенин айтып жатат. Биз ага колдон келишинче моралдык жана юридикалык жактан жардам берип жатабыз», — деген Аттокурова.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» аталган маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, 29-апрель күнү 29 жаштагы келин Сузак РИИБине бир күн мурда жолдошу оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, денесине жараат келтиргенин билдирген. Андан кийин жабырлануучу аймактык оорукананын сынык-жараат бөлүмүндө дарыланып чыккан.

«Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо ордери берилген. Азыркы учурда өндүрүш ишинин алкагында окуяга тиешелүү күбөлөр суралып, мыйзам чегинде иштер жүрүүдө», — деди Жээнтаев.

Окуя Жоруктар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ошондой эле Жээнтаев, облуста үй-бүлөлүк зомбулук фактылары карантин киргизилгенден бери өскөнүн кошумчалады.

Бир ай мурун аталган облустун Кербен шаарында 35 жаштагы аял каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип кайниси кармалган.

Ал эми өлкөдө пандемия шартында үй-бүлөдөгү чыр-чатактар көбөйүп, жыл башынан бери зомбулук фактылары 65 пайызга өскөн. Мындай учурда зомбулуктун кантип алдын алуу керектиги боюнча «Клооп» атайын талкуу уюштурган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Кыргызстанда пандемия шартында үй-бүлөлүк зомбулукту кантип алдын алса болот?

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?

Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөндүктөн кризистик борборлордун ишин жандантуу маселеси каралат