Кыргызстанда дагы эки медкызматкерден коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-майдагы брифингде Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус дагы эки медицина кызматкеринен аныкталганын билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 275ке жетти — алардын 230у өпкө илдетинен айыкты. Бир медицина кызматкери — Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева оорудан каза болду. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган.

Медицина кызматкерлерине март айында жалпы 37 млн сомго жакын кун төлөнүп берилди. Бишкек шаарынан 1112, Ош шаарынан 362, Ош облусунан 1047, Жалал-Абад облусунан 1182, Чүй облусунан 835, Баткен облусунан 500, Нарын облусунан 499, Ысык-Көл облусунан 479, Талас облусунан 267 медкызматкер компенсация алышты. Өлкө боюнча март айында иштеген медиктердин жалпы саны — 6283.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1403кө жетти — жаңы 38 учур катталды. Алардын ичинен он төртү каза болуп, 980 адам илдеттен айыкты.