Коронавирус дагы 14 медкызматкерде аныкталды — алардын 12си Нарын облусунда

Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 30-майдагы брифингде коронавируска дагы 14 медицина кызматкери чалдыкканын кабарлады. Алардын 12си Нарын облусунда, экөөсү Бишкек шаарында.

Нарында коронавирус кескин жайылып кеткенинен улам бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыяланып, Нарын облусттук оорукананын башчысы Айбек Койчуманов ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Нарын облусунда коронавирус менен ооругандардын саны жогорулап кеткенинин үч себеби бар деп билдирген. Алардын биринчиси — облус жетекчилиги өз убагында жетиштүү координация кылган эмес. Экинчи себеп — илдетти жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондор убагында обсервацияга алынган эмес, үчүнчүдөн — медкызматкерлер менен милиционерлер маселеге жоопкерчиликсиз мамиле кылган.

Кыргызстан боюнча COVID-19 жуктурган медиктердин саны 344кө жетип, анын 247си өпкө илдетинен айыкты. Бир медицина кызматкери — Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева оорудан каза болду. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтеп чыгат.