ССМ: Өнөкөт ооруларды козгоду. Коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5-июндагы брифингде коронавирустан дагы эки бейтап каза тапканын билдирди.

Анын бири Бишкек шаарында дарыланып жаткан — 82 жаштагы кемпир, экинчиси Ош облустук ооруканасында дарыланып жаткан — 34 жаштагы аял. Ошентип Кыргызстан боюнча жалпысынан коронавирустан 22 киши көз жумду.

Үсөнбаевдин айтымында, 82 жаштагы кемпир кант диабетинин 3-даражасы менен ооруп дарыланып жүргөн. Мындан сырткары жүрөк оорулары да болгон. Ал COVID-19ду кызынан жуктуруп алган.

«Кызы “Автомашрадиатр” заводунда иштейт экен, ошол жерден контакт болуп энесине жуккан. Апасы ооруп калгандан кийин эски оорулары козголуп дартты көтөрө албай, оор абалда реанимацияга түшкөн. Медкызматкерлердин бардык аракеттерине карабай жүрөгү токтоп калды», — деди Үсөнбаев.

Ал эми 34 жаштагы аял Ош облустук ооруканасында ак кан оорусунан дарыланып жатканда коронавирус жуктуруп алган. Үсөнбаев бейтап өпкө илдетине чалдыккандан кийин лейкоз оорусу күчөп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгонун кошумчалады.

Коронавирустан көз жумгандардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Алар Бишкек шаарындагы №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева жана Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер фтизиатры Альберт Исмаилов.

Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, коронавирус менен күрөшүү учурунда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом кун төлөнөт.

Кыргызстанда 5-июнга карата коронавирус жалпысынан 1936 кишиге жукту. Анын 1340ы айыгып ооруканадан чыгарылды. Учурда 574 киши дарыланып жатса, алардын үчөө кайра жандандыруу бөлүмүндө.