Ош шаардык төрөтканасынын жети медигинде жана төрт энеде коронавирус аныкталды

Ош шаардык төрөтканасында обсервацияга алынган аялдар. Сүрөт: «Т-Медиа» басылмасы

Ош шаарында 6-июнга карата коронавирустун он бир жаңы учуру катталды. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, COVID-19ду жуктуруп алгандардын жетөөсү медицина кызматкери.

«Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлер Ош шаардык төрөт үйүндө иштегендер, калган төртөө ошол төрөтканада жаткан энелер. Алардын баары буга чейин обсервацияда болчу», — деди Абсаттаров.

Шаардык төрөтканадан коронавирустун алгачкы учуру 12-майда катталган — анда илдетти эң биринчи оорукананын медайымы жуктуруп алганы маалым болгон. Мындан улам аны менен байланышта болгондор такталып, жалпысынан 720 адам обсервацияга алынган.

Андан кийин 28-майда обсервацияга алынган аялдар оорукананын шарттарына нараазы болушуп, үй карантинине чыгарууну талап кылышкан. Бир күндөн кийин обсервациядагылар шарты жакшыраак жеке клиникаларга жана башка мамлекеттик ооруканаларга которулгандыгы маалымдалган. Жалпы 167 адам которулуп, алардын арасында медицина кызматкерлери да бар болгон.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6-июнга карата 1974 кишиге жетти, алардын ичинен 389 учур медиктерде аныкталган. Ал эми бүгүнкү күндө 1360 адам өпкө илдетинен айыгып, коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү. Өпкө илдетинен 22 киши көз жумуп, анын экөөсү медицина кызматкери болгон.

Тема боюнча:

Ошто үй карантинине чыгарууну талап кылган төрөтканадагы аялдар башка жакка которулду

Оштогу төрөтканада обсервацияда жаткан аялдар үйлөрүнө коё берүүнү талап кылышты