Бишкек: Ош базарда коронавирус жуктуруунун очогу аныкталды

Бишкектин мэриясы Ош базарда коронавируска чалдыгуунун очогун аныктады. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов 10-июнда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, инфекциянын очоктору Орто-Сай жана Ош базарларында табылган.

«Инфекциянын очоктору Ош базарынын аймагында аныкталган. Аны жабуу маселеси жакынкы күндөрү каралат», — деди Бишкектин вице-мэри.

Бийлик буга чейин Орто-Сай базарын 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекцияга жабуу чечимин кабыл алган.

Дезинфекцияга бул базардын сатуучулары жана ага келип-кеткендер COVID-19 белгилери менен дарыгерлерге кайрылып баштаганы себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, Кыргызстанда COVID-19у бар, бирок анын жуктуруу булагы аныкталбаган жарандар көбөйүп жатат. Мындан тышкары, жарандар адамдар көп чогулган жерлерде — базарларда, кызмат көрсөткөн мекемелерде инфекцияга көбүрөөк чалдыга башташты.

10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурунун 2 093 учуру катталган. Ошол эле учурда республика боюнча инфекциядан 1 572 бейтап айыккан. Ушул убакытка чейин коронавирустан 26 адам каза тапкан.