Кимсанов аны ЖАМКтын кызматкерлери сабаганын айтууда — КААБ улуттук борбору

Мурунку бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов аны ТИЗО-1дин кызматкерлери сабаганын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунан «Клоопко» тастыкташты.

* Эмилбек Кимсанов — мурда бажыда иштеп кеткен чоң аткаминер. Журналисттер аны бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун курчоосунун катарына кошот. 2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын жакындары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар жана кысымдар болуп жаткандыгын билдиришип, президенттин атына видеокайрылууларды жарыялап келишкен. Кимсанов акыркы видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин билдирген. Токтакунов — бажыдагы аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири жана бул иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталат.

Улуттук борбордун өкүлдөрү 18-июнда ТИЗО-50дө кармалып жаткан Кимсановдон кабар алып келишкен — экс-бажычы өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалган абакка бир апта мурун которулган.

Кимсанов Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерине аны 4-апрелде ТИЗО-1дин жарандык кийимчен эки кызматкери сабаганын айткан. Ал эми эки формачан кызматкер буга күбө болушкан — алардын бирөөсү камерага тарткан. Кимсанов аны менен бирге абакта отургандар анын сабалышына тиешелери жоктугун, тескерисинче алар дарыланууга жардам беришкенин билдирген.

Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү 13-майда ТИЗО-1ге барышканда, Жаза аткаруу кызматы Кимсанов алар менен жолугушуудан баш тартканын билдирген. Бирок 18-июндагы жолугушууда Кимсанов улуттук борбордун өкүлдөрү бир ай мурун андан кабар алуу үчүн келгени тууралуу ага кабар берилбегенин айткан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун Кимсановдун сабалышы тууралуу билдирүүсүн ырастаган жок.

Мекемеден маалымдашкандай, экс-бажычынын ур-токмокко алынышын тактоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат жана керектүү экспертизалар дайындалган.

«ТИЗО-1деги бардык видеолор изилденет. Текшерүүнүн жыйынтыктары прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилет», — деп жазылган ЖАМКтын басма сөз кызматы тараткан пресс-релизде.

Мекемеден ар бир ТИЗОдо Анализ жана мониторинг борборуна байланышкан онлайн-камералар орнотулганын белгилешет.

Эмилбек Кимсановдун сабалышы

Мурунку бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов өзүнүн кесиптеши Автандил Конгантиевди — ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулуну — 2018-жылдын декабрь айында сабоого шектелип, Санкт-Петербург шаарынан алынып келинген.

Алгач ал үй камагына чыгарылган, бирок көп өтпөй ал камакка алынган. Кийинчерээк Кимсановдун аялы жана жактоочусу анын ТИЗО-1де сабалганын билдиришкен. Бирок ЖАМК бул маалыматты четке каккан. Ал эми Кимсановдун денеси көкала болгон сүрөттү эски болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Эмилбек Кимсанов

Кийинчерээк жактоочу Нузгүл Сүйүнбаева Кимсановдун «абакта сабалганын ырастаган» тасма жарыялаган. Ал тасмада Кимсановго түспөлдөш кишини эки белгисиз адам жерге басып алып башка-көзгө, бөйрөк тушка койгулап жатканын көрүүгө болот. ЖАМК алгачкы тараткан маалыматында бул видеону «фейк болушу мүмкүн» деп билдирген.

Кимсанов сабалгандан бир ай өткөндөн кийин ал ТИЗО-50гө которулган — ал жакта өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалат. Мындай өкүмдү сот Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен чыгарган. Муну башкы көзөмөл орган Кимсановдун тергөө абагында уюлдук телефон пайдаланып, эрежени бузгандыгы менен түшүндүргөн. Бирок Кимсановдун адвокаты адатта мындай эрежени көптөгөн камакта отургандар бузаарын белгилеп, ал үчүн чара анын кардарына гана колдонулуп жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Өлүм менен коркутушкан». Бажынын мурдагы кызматкеринин жубайы президенттен жардам сурады

«Аларга мыйзам иштебейт». Акыркы күндөрү Матраимовдорго арызданып президентке үч кайрылуу болду

«Матраимов мыйзамдан жогору турабы?». Кимсановдун бир туугандары президентке кайрадан кайрылышты