Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны 533кө жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 19-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 24 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады.

Бишкек шаарынан жети, Чүй облусунан сегиз, Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарынан бирден, Ош шарынан жана Нарын облусунан үчтөн медиктен өпкө илдети аныкталды. Ал эми сегиз медкызматкердин коронавируска кайрадан тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтүп, үйүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 533кө жетип, алардын 381и өпкө илдетинен айыккан. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов. Учурда өкмөт анын жакындарына миллион сом кун төлөп берүү маселесин карап жатат.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 19-июнга карата 2789га жетти. Алардын ичинен 32си каза болуп, 1961 адам илдеттен айыкты.