Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерди өлкөсүнө жөнөтүүдөгү коррупцияны иликтейт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кыргыз жарандарын чартер каттамы менен мекенине жөнөтүүдөгү коррупция фактыларын иликтей турган атайын комиссия түзүлгөнү тууралуу билдирүү таратты.

Атайын комиссияга Кыргызстандын Орусиягы ИИМинин өкүлдөрү кирген.

«Элчиликке келип түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын негизинде ар бир факты боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти элчиликтен.

Мындан тышкары, элчиликтен алдамчылык фактылары аныкталганын кабарлашты — анда адамдарды кыргызстандыктарды мекенине жөнөтүү үчүн тизмесине кошушат деп алдашкан.

«Бүгүнкү күндө системалык негизде алдамчылык фактылар ачыкка чыгып жатат. Алардын катарында мекендештерибиздин элчиликте тууганы (жакыны) иштейт деп ишеничине кирип, аларды мекенине кайтып кетчү жарандарынын тизмесине кошом деп убада берген белгисиз жаран. Бул мыйзамдуулукка каршы келген иш-аракеттердин натыйжасында үч кыргыз жаранына 54 000 рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, кыргызстандыктар кыргыз диаспораларындагы активисттерге да даттанышууда. Алар диаспорараларга деп бөлүнгөн квоталарды пайдалана ала турган адамдардын тизмесине киргизүүгө ортомчулук үчүн акча алышканы айтылууда. Элчиликтен бардык аныкталган фактылар териштирилээрин билдиришти.

Коронавирустун пандемиясынан улам Орусияга дарылануу, окууга, иштөөгө жана башка максат же муктаждыктар менен барга көптөгөн кыргызстандыктар ал жактан чыга албай калышкан. Кыргыз бийлиги аларды чек аралар жабылгандан кийин бир айдан соң чартер каттамдары менен мекенине алып келе баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пандемия убагында кыргыз мигранттары жардам сурап кайда кайрыла алаарын түшүндүрөбүз

Карантинде көрүңүз: Оренбургдагы мигранттардын чатыр лагери

Видео: Москвада кыргызстандыктар уюштурулган каттам менен жаштар учуп кеткенине нааразы болушту