Икрамов коррупционерлерге кайрылып, каткан байлыгын элдин саламаттыгына жумшоого чакырды

Тазабек Икрамов

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнүн фейсбук баракчасында коррупционерлердин айынан өлкөдөгү медицина «талкаланганы» тууралуу пост жарыялады. Икрамов коррупционерлерге алар «басып жаткан байлыктарын чыгарып», элдин саламаттыгына жумшоого, коронавирус менен күрөшүүгө чакырды.

«Коррупционерлер убакыт келди! Офшорго каткан акчаңарды, басып жаткан байлыгыңарды чыгарып, элдин саламаттыгына жумшагыла. Кыйналып турган медицина тармагын каржылап, дары-дармек, препарат, кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппараттарды алып келгиле. Болбосо элдин убалына каласыңар. Силердин айыңардан медицина талкаланды, миллиарддаган долларлар силердин чөнтөгүңөргө кетти. Орусиянын президенти Путин орус байларына "Силердин кантип байыганыңарды билем, эл менен бөлүшчү учур келди" деп пандемия алгач башталганда эле айткан. Силер да отуз жылдап ичип жегенинерди эл менен бөлүшчү мезгил келди!» — деп жазган Икрамов.

Буга чейин Тазабек Икрамов коронавируска чалдыгып, 30-июнда айыкканы кабарлаган. Андан сырткары дагы төрт депутат COVID-19 жуктуруп алган.

Ошондой эле үч депутат — Чыныбай Турсунбеков, Бактыбек Турусбеков жана Жылдыз Мусабекова — пневмонияга чалдыккан, бирок аларда коронавирус аныкталган эмес. Кечээ, 6-июлда Чыныбай Турсунбеков оорудан улам каза болгону белгилүү болду. Ал эми Жылдыз Мусабекова учурда оорукананын реанимация бөлүмүнө которулган. Бактыбек Турусбековдун абалы «туруктуу».