Өлкөдө коронавирустан 83 бейтап дүйнө салды — анын бири Ош шаарындагы медик

Материал 11:53тө жаңыртылды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдын маалыматы боюнча өткөн суткада коронавирус жуктурган 83 адам каза болду. Алардын эң көбү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда катталган.

COVID-19дан каза болгондор:

Бишкек — 33;

Ысык-Көл облусу — 17;

Жалал-Абад облусу — 11;

Ош облусу — 9;

Чүй облусу — 7;

Нарын облусу — 3;

Талас облусу — 2;

Баткен облусу — 1.

Ошондой эле, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан 65 жаштагы дарыгер Темиркан Жарматова каза болду.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 785 бейтап каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-июлдан тарта коронавирус менен пневмониядан каза болгондордун жана илдет жуктургандардын статистикасы бириктирилди. Өкмөт 16-июлда пневмонияны коронавирус пайда кылып жатканын моюндаган болчу.