Окуучулар жаңы окуу жылын аралыктан окуп башташат — Билим берүү министрлиги

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 21-июлда брифингде жаңы окуу жылынын биринчи чейреги мектептерде аралыктан өтөөрүн кабарлады. Ал эгер эпидемкырдаал жакшыра турган болсо айрым аймактарда мектептер ачылаарын белгиледи.

«Кээ бир аймактардагы мектептерде окуу салттуу режимде өтүлүшү мүмкүн. Айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими менен мектептерде окуу салттуу режимде өтүлүшү мүмкүн — окуучулар мектепке бара алышат. Окуу мекемелери бардык окуу кааналарын санитардык тазалоого милдеттүү болушат», — деди ал.

Жусупбекова ведомство мектепке чейинки жана мектеп деңгээлиндеги билим берүү үчүн телесабактардын съемкаларын башталганын кошумчалады.

Анын айтымында, сабактар сапаттуу жазылышы үчүн билим берүү министрлиги педагогдор жана сабактарды съемка кылууга тартылгандар үчүн тренингдердин сериясын өткөрүүнү пландап жатат. Мындан тышкары, министрлик окуу материалдарын жана видео сабактарды кесиптик билим берүү мекемелерине да даярдоо тапшырмасын берди.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

Кадамжайда окуучулар интернет жеткиликсиз болгондуктан аралыктан билим алууда кыйналып жатышат

Баланы окутууга жөндөмсүз ата-энелер, стресске түшкөн окуучулар. Карантиндеги билим берүү кандай жыйынтыкталды?

Жогорку жана орто окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дипломдук ишин онлайн коргошот